Иранда Ханияны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Тегеран.

Ирандын борбор калаасы Тегеранда бүгүн 1-августта АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган, Иран колдогон палестиналык ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Ханияны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Иран 62 жаштагы Хания 31-июлда Израилдин кол салуусу учурунда өлтүрүлгөнүн маалымдап, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуусун билдирген.

Тегерандын борбордук бөлүгүндө уюштурулган, өлкөнүн жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи баштаган коштошуу иш-чарасына колуна Ханиянын сүрөтүн, палестин желегин көтөргөн адамдар чогулду.

Ханиянын сөөгү Катардын борбору Дохада жерге берилери маалым болду.

Хаменеи Ханиянын өлүмү үчүн жооп катары «катаал жаза» болорун айтты.

Ханиянын өлүмү тууралуу биринчи болуп жарыялаган «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» ал 30-июлда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына катышуу үчүн Тегеранга барып каза тапкан кол салууну иликтеп жатканын кабарлаган.

Израил өкмөтү бул боюнча расмий комментарий бере элек, бирок басма сөз кызматынын Facebook баракчасына Ханиянын чекесине «жок кылынды» деп жазылган сүрөтү жарыяланган. Кийин ошол пост өчүрүлгөн, себеби түшүндүрүлгөн эмес. Чабуулду Израил койгону да так айтылган эмес, бирок ХАМАСтын өкүлү «Тегеранда так соккудан өлтүрүлгөнү" белгиленген.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1200дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган, 250дөй киши барымтага алынган. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Андан бери Изарил армиясынын Газадагы соккуларынан каза тапкандар 39 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

Газадагы согуштан улам аймакта абал ансыз да оңой эмес болуп турган чакта Ханиянын өлүмү кырдаалды ого бетер курчутушу ыктымал деген кооптонуулар айтылган.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согуштту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча жыйынтык чыга элек.

Израилдин союздашы АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Ханиянын өлтүрүлүшү тууралуу «билбегенин жана буга катышы жок экенин» айтып, бул окуянын аймактагы абалга таасири кандай болорун божомолдой албай турганын белгиледи. (RK)

Дагы караңыз

Amnesty International Пакистан бийлигин "репрессияны токтотууга" чакырдыТИМ кыргызстандыктарды Ливанга жана Израилге барбай турууга чакырды Экономика министрлиги автоунааларга милдеттүү техникалык кароо киргизүүнү сунуштадыОрусия "тыңчылыкка" айыпталган француз жаранынын камак мөөнөтүн узартты