30-июлдун кечинде Украинанын түштүк, чыгыш, борбордук бөлүгүндө, андан соң түндүк жана батыш аймактарында, жалпысынан он чакты облусунда (Чернигов, Запорожье, Сумы, Полтава, Чернигов, Днепропетров, Кировоград, Харьков, Николаев жана Херсон) дрон жана ракета чабуулу тууралуу абадан эскертүү бериле баштады.
Борбор калаа Киевде абадан эскертүү дээрлик жети саат уланды. Ушуну менен июль айынын башынан бери шаар Орусиянын дрон чабуулуна жетинчи жолу кабылганын, согуш башталгандан берки эң кооптуу түндөрдүн бири болгонун калаанын аскердик администрациясы билдирди.
Бул жолу Киевге чабуулдары үчүн Орусия учкучсуз учактарды гана колдонгону кабарланды. Мониторинг каналдары жазгандай, жалаң Shahed дрондору болду.
Украин тараптын маалыматына караганда, орусиялык дрондор түнү менен “шаарды толкун сымал каптап, дээрлик бардык тараптардан учуп келип жатты”. Киевдин өзүндө жана чет жакаларында учурулган жалпысынан 40тан ашуун учкучсуз учактын баары жок кылынганы айтылды.
Украинанын Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук Орусия Shahed-131/136 дрондорун колдонгонун тастыктады.
Жалпысынан, анын айтымында, шаршембиге караган түнү орус аскерлери Украинанын аймагына мындай дрондордон 89ду учурду, баарын токтотуп калууга үлгүрүштү, бутага алган негизги аймагы Киев болду, ал эми Николаев облусуна сокку Х-59 башкарылуучу авиациялык ракетасы менен урулду.
Түнкү чабуулдардын кесепетинен кандайдыр бир олуттуу залака тийгени тууралуу маалымат азырынча жок. Киев облусунда дрондун сыныгы тийген бир үй өрттөнгөнүн, төрт райондо 13 үй кыйраганын, адамдар арасында жабыркагандар жок экенин, зарыл инфраструктуранын ишине залака тийбегенин облустук аскердик администрация башчысы Руслан Кравченко Телеграмга жазды.
Сумы облусунда 82 жаштагы аял жараат алып, бир нече үй талкаланганы кийинчерээк маалымдалды.
Орусия соккуларын эртең менен да улантканын Харьков облусунун аскердик администрация башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, Большой Бурлук кыштагында башкарылуучу авиабомбанын соккусунан бир аял каза болду, анын 10 жаштагы уулу жараат алды, бир нече үйдө өрт чыкты.
Өлкө президенти Владимир Зеленский учкучсуз учактардын баары атып түшүрүлгөнүн белгилеп, муну украиналыктар жетиштүү каражаты болсо асманын “туура жана даана” коргоп калууга кудурети жетерин тастыктаган "маанилүү көрсөткүч" деп атады жана өнөктөштөрдүн бул жагынан жардамы канчалык керек экенин дагы бир жолу белгиледи.
29-июлда расмий өкүлдөр АКШ Украинага 1,7 миллиард доллар аскердик жардам жөнөтөрүн, анын ичинен абадан коргонуу системалары, артиллерия, миномёттор, танк жана кеме чабуулуна каршы ракеталар үчүн бир катар ок-дарылар жиберилерин жарыялашкан.
Шейшемби күнү Зеленский Волын облусуна барып, түндүк чек аранын коопсуздугун бекемдөө боюнча аткарылып жаткан иштерге көз салды. Волын, Ровен, Житомир, Киев, Чернигов облустарында чепти бекемдөө багытында бир топ аракет көрүлгөнүн, жасала турган иш дагы аз эмес экенин айтты.
Соңку кезде Орусиянын соккуларынан улам Украинанын бир нече аймагында энергетика инфраструктурасы талкаланган. Бул тармактагы абалга токтолуп, Зеленский аймактардын көпчүлүгүндө энергиянын жаңы генерациясын түзүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда боло баштаганын белгиледи:
“Биздин өнөктөштөрдөн насыялык жана гранттык программалар, колдоонун ар кандай формалары бар. Көпчүлүк аймактар көбүрөөк энергия менен камсыз болуу үчүн өзүнө ыңгайлуу варианттарды таба алышат".
Дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирүүдө. Өлкөнүн Коргоо министрлиги 31-июлга караган түнү бир нече аймагында жана аннексиялап алган Крымда Украина учурган 19 дронду жана бир ракетаны атып түшүргөнүн маалымдады. Белгород облусунда 11, Брянск аймагында 4 жана Курск, Калуга, Ростов облустарында, Крымда бирден учкучсуз учак жок кылынганы белгилүү болду. Министрлик кабарлагандай, Курск облусунда "башкарылуучу „Нептун-МД“ ракетасы жок кылынды".
Курск облусунун губернатору Алексей Смирнов украиндердин дрон соккусунан бир объектиде өрт чыкканын Телаграмга жазды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия Курск аймагында сокку урганын ырастап, орус аскерлери Украинага каршы колдонуп жаткан курал-жарак жана аскердик техника топтолгон жерди бутага алганын маалымдады.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ал тапта Орусияда Украинага каршы согушка салуу үчүн күч топтоо аракети уланууда. Президент Владимир Путин 31-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, 1-августтан тартып жыл аягына чейин Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согушка жөнөөгө макул болгондорго каражат бөлүнөт.
Орусияда Украинадагы согушка биринчи кезекте орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүү сунушталууда. Ал жакка келишимдик негизде барып, тузакка илинген борбор азиялыктар тууралуу "Азаттык" атайын уктуруу даярдаган.
Орус аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарагынын көптөгөн түрлөрүнөн – согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келе жатат. Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун орус бийлиги четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат.