Венесуэладагы тополоңдо набыт болгондордун саны ондон ашты

Венесуэлада президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылар көчөгө чыгышты. 29-июль, 2024-жыл.

Венесуэлада президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу башталган нааразылык акцияларында набыт болгондордун саны ондон ашты. Бул тууралуу 30-июлда Foro Penal укук коргоо уюмунун жетекчиси Альфредо Ромеро билдирди.

28-июлда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгына каршылыгын билдирген миңдеген адамдар көчөгө чыгып, полиция менен кагылышты.

Демонстранттар "Эркиндик!", "Бул бийлик кулайт" деген ураандарды чакырып, көчө боюнда илинген Мадуронун сүрөттөрүн сыйрып, тебелеп-тепсеп, өрттөшүүдө.

Полиция аларга каршы жаш чыгарчу газ жана желим окторду колдонгону кабарланды. Андан тышкары укук коргоочулар белгилегендей, митингчилерди таркатууга тартылган аскердик топтор кадимки октор менен атышууда.

Венесуэла прокуратурасы 750дөй киши кармалганын, бир аскер каза болгонун билдирди.

Азыркы президент Николас Мадурого баш ийген Улуттук шайлоо кеңеши жарыялаган жыйынтыктарга ылайык, Мадуро добуштардын 51,2%, ал эми бирдиктүү оппозициянын талапкери Эдмундо Гонсалес 44% алды. Оппозиция буга макул эмес.

Шайлоо алдындагы бир катар сурамжылоолор дагы оппозиция алдыда экенин көрсөткөн.

Николас Мадуро оппозициянын дооматтарын четке кагып, нааразылык акцияларын "фашисттер жана контрреволюциялык күчтөр уюштурган бийликти төңкөрүү аракети" деп мүнөздөдү.

Чет элдик байкоочулар шайлоонун жыйынтыгын тактап жарыялоого чакырышты.

Дагы караңыз

Жаңы алынган учактардын бири сентябрда каттамга чыга баштайт Париж-2024: Эрлан Шеров алгачкы атаандашын жеңдиОшто факультет деканы пара алууга шек саналып кармалды