Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Париж-2024: Эрлан Шеров алгачкы атаандашын жеңди


Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта кубалык Иван Фелипе Силва Моралис менен беттешип, 0:10 упай менен жеңип алды.
Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта кубалык Иван Фелипе Силва Моралис менен беттешип, 0:10 упай менен жеңип алды.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 31-июлда дзюдочу Эрлан Шеров мелдешке чыкты. Ал 90 килограммга чейинки салмакта кубалык Иван Фелипе Силва Моралис менен беттешип, 0:10 упай менен жеңип алды.

Ошентип, ал беттештин кийинки баскычына өттү. Эми ал 1/8 финалда испаниялык Тристани Мосахлишвили менен чыгат.

Эрлан Шеров кыргыз дзюдосунун тарыхында дүйнө чемпионатынан коло медалын утуп, Азия оюндарынын чемпиону болгон алгачкы дзюдочу. Ал акыркы эки жылда Дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын коло (2024), Азия оюндарынан алтын (2023), Улан-Батордогу “Чоң шлем” мелдешинде күмүш (2023), Парижде өткөн “Чоң шлем” мелдешинде коло (2024) медалдарды уткан.

Учурда Шеров Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) рейтингинде өз салмагында дүйнөдөгү 400 балбандын ичинен төртүнчү орунда турат. Анын Париждеги алгачкы атаандашы болгон Иван Фелипе Силва Моралис бул тизмеде 10-орунда.

Силва Моралис Панамериканын беш жолку чемпиону жана Панамерика оюндарын үч жолу уткан. Жыл башында Австрия гран-при мелдешинде алтын, Анталияда өткөн Чоң шлем мелдешинде коло медаль уткан.

Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашуун спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медаль ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат. Бул шаарда Олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышат.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG