Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Ошто факультет деканы пара алууга шек саналып кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Ош шаарындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы опузалап пара талап кылууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-июлда кармалган декан У.И.С. сынакта студенттерден акча талап кылган.

Мунун алдында декандын орун басары Д.у.Д. да кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("опузалап пара талап кылуу") боюнча айыпталып, эки айга камакка алынган.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүнүн коррупциялык схемага тиешеси бар экени аныкталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Декандын жана анын орун басарынын кармалышы тууралуу алардын адвокаттары жана университет жетекчилиги комментарий бере элек.

Атайын кызмат 31-июлда абитуриентти жогорку окуу жайга өткөрүү үчүн 84 миң сом алган жаран кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG