Британиядагы башаламандыкта 40тай полициячы жараат алды

Саутпорттогу бычак менен кол салуу болгон бий студиясы жайгашкан аймак. 29-июль, 2024-жыл. Британия.

Британиянын Саутпорт шаарында болгон башаламандыкта 39 полициячы жараат алды. Алардын көбү ооруканага түшкөнүн 31-июлда жергиликтүү Тез жардам кызматы билдирди.

Тоз-тополоң бий студиясына болгон кол салуунун эртеси күнү башталды. 29-июлдун кечинде белгисиз бирөө бычак менен балдардын бий студиясына кирип барып, кол салган. Үч секелек кыз набыт болуп, ондон ашууну жараат алган. Андан көп өтпөй 17 жаштагы жаран кармалган. Ал эмне себептен мындай кадамга барганы иликтенип жатат.

Социалдык тармактарда ал радикал исламчы экени тууралуу ырасталбаган кабарлар тарагандан кийин ашынган оңчулдар нааразылык акциясына чыгышты. Полиция андай кабарларга ишенбөө керектигин билдиргени менен, башаламандык токтогон жок.

Көчөгө чыккандар жергиликтүү мечитке таш ыргытып, автоунааларды, таштанды челектерди өрттөштү.

Саутпортто башаламандык уюштургандарды Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер кескин айыптады.

"Курман болгондорду эскерүү иш-чарасынан пайдаланып, зордук-зомбулук жана бейбаштык менен алектенгендер ансыз да кайгырып турган коомдун беделине шек келтирди", - деп жазды Страмер X социалдык түйүнүнө.

Саутпорт Ливерпулдан 27 чакырым түндүктө жайгашкан шаар. Калкынын саны 100 миңге чукул.

Дагы караңыз

Жаңы алынган учактардын бири сентябрда каттамга чыга баштайт Париж-2024: Эрлан Шеров алгачкы атаандашын жеңдиОшто факультет деканы пара алууга шек саналып кармалды