Бишкекте "Троллейбус курултайы" өтөт

31-июлда Горький атындагы сейил багында "Троллейбус курултайы" өтөт. Бул тууралуу курултайды демилгелеп жаткан #БишкекСмог жарандык демилгесинин өкүлү Бермет Бөрүбаева "Азаттыкка" билдирди.

"Мэриянын 100 троллейбусту Бишкектен чыгаруу демилгеси талкууланып бүтө электе эле линияны алып жатышат. Биз ушул маселеге коомчулуктун көңүлүн бургубуз келет. Курултайда шаар жашоочуларынын троллейбустарды калтыруу талабын айтып, резолюция кабыл алабыз", - деди Бөрүбаева.

Бишкек мэриясы активисттердин бул аракети боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин мекеме борбордо эл ташыган 100 троллейбусту Ош шаарына акысыз берүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешине киргизилген.

Токтомдо 2025-жылдын экинчи кварталында Бишкекке 120 электробус алынып келери, ушундан улам троллейбустар Ошко берилген күндө да борбордо жүргүнчүлөрдү ташууда маселе жаралбай турганы, троллейбустардын ордуна электробустар колдонулары жазылган.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине борбордон троллейбустар толугу менен алына турганын, шаар ичи троллейбус линияларынан тазаланып, элди ташууга автобустар киргизилерин кошумчалаган.

“Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр мына жарнамалык такталар да тазаланууда. Электр өткөрүүчү зымдар, кабелдер жер астынан тартылып жатат. Экинчиден, троллейбус өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Аны убактылуу башка көчөлөргө бура албайбыз. Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүгө да ылайык келет. Биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик”, - деген ал. Бирок бул сан мурда канча болгонун, азыр канчага чейин азайганын так айткан эмес.

Маалыматка ылайык, Ошко жөнөтүлө турган троллейбустар 2001-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде пайдаланууга берилген. Айрымдары 15 жылдан ашуун убактан бери иштетилип келет. Троллейбустарды эксплуатациялоонун орточо мөөнөтү 20 жылдан ашпоого тийиш.

Дагы караңыз

ХАМАСтын башчысы Исмаил Хания жок кылындыТөрөбаев Ирандын президенти менен жолуктуСтатком: Кыргызстанда балдардын өлүмү азайды