Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:31

Төрөбаев Ирандын президенти менен жолукту


Бакыт Төрөбаев жана Масуд Пезешкиан.
Бакыт Төрөбаев жана Масуд Пезешкиан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан менен жолукту.

Министрлер кабинети 30-июлда тараткан маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-иран кызматташтыгы талкууланды. Төрөбаев эки тараптуу кызматташтыкты көптөгөн тармактарда өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи. Пезешкиан саясий диалогду улантууга, прогрессивдүү кызматташтыкка даяр экенин айтты.

Төрөбаев Масуд Пезешкиандын кызматына киришип, ант берүү аземине катышты. Аземге мындан тышкары Тажикстандын президенти, Армениянын премьер-министри, Орусиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын бийлик өкүлдөрү катышканы кабарланды.

Иранда 30-июлда өлкөнүн жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан ант берип, расмий түрдө ишине киришти. Мамлекеттик TV аркылуу түз эфирде көрсөтүлгөн салтанатта ал “расмий диндин, ислам республикасынын түзүмүнүн жана өлкөнүн конституциясынын коргоочусу болууга” ант берди.

28-июлда Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи аны президенттик кызматка расмий түрдө бекитип, Батыш эмес, коңшу өлкөлөр менен алаканы бекемдөөгө үндөгөн. Андан мурдараак Пезешкиан жаңы президент катары Батыш менен сүйлөшүүлөр үчүн ачык экенин билдирген.

Пезешкиан президенттикке Иранда натыйжасыз башкаруунун жана санкциялардын айынан экономика жабыркап турган жана эркиндикти талап кылган коомчулук нааразылыгын билдирип, көчөгө чыгууга даярдыгын көрсөткөн шартта келди.

Реформачыл саясатты карманган 69 жаштагы хирург адис, мурдагы саламаттык сактоо министри Масуд Пезешкиан 28-июнда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда добуштардын 42,5%, ал эми 5-июлдагы экинчи турда дээрлик 54% алып, атаандашы, Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңештин мурдагы катчысы, 44% алган Саид Жалилини жеңген.

Президенттик кызматты 2021-жылдын август айынан бери аркалап келген Эбрахим Раиси 64 жаш курагында каза болгон. Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап каза болгону расмий кабарланган.

XS
SM
MD
LG