Пакистанда сел бир үй-бүлөдөн 11 кишинин өмүрүн алды

Пакистан. Архивдик сүрөт.

Пакистанда бүгүн 30-июлда катуу жааган жаандан кийин сел жүргөн аймакта адам өмүрү кыйылганын, куткаруучулар суу каптаган жерлерде каза болгондордун сөөгүн издеп жатышканын «Машаал» радиосу билдирди.

Өзгөчө кооптуу абал түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында жаралганы, ал жакта бир үй-бүлөдөн 11 киши набыт болгону, алтоо балдар, калгандары эки эркек жана үч аял экени маалымдалды.

Пакистанда июль айы башталгандан бери көпчүлүк аймактарда нөшөр жаан жаап, сел жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 60тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды, алардын көбү Пенжабда жана Белужистанда. (RK)

Дагы караңыз

Орусияда саясий туткундардын айрымдары менен байланыш жок болуудаИранда жаңы президент расмий түрдө ишке кириштиАта-энеси миграцияга кеткен балдардын саны 86 миңден аштыВенесуэла: Мадуро шайлоодо жеңгенин жарыялады, бийликке каршы акция күч алды