Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Иранда жаңы президент расмий түрдө ишке киришти


Масуд Пезешкиан.
Масуд Пезешкиан.

Иранда бүгүн 30-июлда өлкөнүн жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан ант берип, расмий түрдө ишине киришти. Мамлекеттик TV аркылуу түз эфирде көрсөтүлгөн салтанатта ал “расмий диндин, ислам республикасынын түзүмүнүн жана өлкөнүн конституциясынын коргоочусу болууга” ант берди.

28-июлда Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи аны президенттик кызматка расмий түрдө бекитип, Батыш эмес, коңшу өлкөлөр менен алаканы бекемдөөгө үндөгөн. Андан мурдараак Пезешкиан жаңы президент катары Батыш менен сүйлөшүүлөр үчүн ачык экенин билдирген.

Пезешкиан президенттикке Иранда натыйжасыз башкаруунун жана санкциялардын айынан экономика жабыркап турган жана эркиндикти талап кылган коомчулук нааразылыгын билдирип, көчөгө чыгууга даярдыгын көрсөткөн шартта келди.

Реформачыл саясатты карманган 69 жаштагы хирург адис, мурдагы саламаттык сактоо министри Масуд Пезешкиан 28-июнда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда добуштардын 42,5%, ал эми 5-июлдагы экинчи турда дээрлик 54% алып, атаандашы, Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңештин мурдагы катчысы, 44% алган Саид Жалилини жеңген.

Президенттик кызматты 2021-жылдын август айынан бери аркалап келген Эбрахим Раиси 64 жаш курагында каза болгон. Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап каза болгону расмий кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG