Орусияда саясий туткундардын айрымдары менен байланыш жок болууда

Илья Яшин.

Орусияда камакта отурган оппозиционер саясатчылардын жана активисттердин адвокаттары менен укук коргоочулар алардын айрымдары менен байланыш жок болуп жатканын, кээ бирлерин отурган абагынан башка жакка которуп кетишкенин билдиришти.

8,5 жылга кесилип, жаза мөөнөтүн Смоленск облусундагы №3 колонияда өтөп жаткан Илья Яшинди белгисиз жакка алып кетишкенин адвокаты кабарлады.

«Чет мамлекеттин өкүлүнө аскердик бөлүктүн сүрөтүн жөнөткөн» деген айып менен төрт жылга соттолуп, Архангельск облусундагы абакта отурган 19 жаштагы Кевин Лик да каякта экени белгисиз болуп жатканын анын апасы билдирди.

Соңку эки күндөн бери кайсы жерде экени белгисиз жалпысынан жети саясий туткундун дагы бири петербургдук сүрөтчү жана активист Даниил Кринари. Ага «чет мамлекеттин атайын кызматы менен жашыруун байланышта болгон» деген жүйө менен беш жылдык абак мөөнөтү чегерилген. Активисттин санаалаштарынын айтымында, аны Москванын Капотня районундагы тергөө абагынан алып чыгып кетишкен бойдон байланыш жок болууда.

Орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы жай тургундарга каршы жасаган кылмыштары тууралуу айткан Яшинге “фейк маалымат тараткан” деген айып тагылган. Смоленскидеги колонияга ал былтыр ноябрда которулган.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Март айында бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде орус аскерлеринин Украинанын аймагындагы кылмыштары тууралуу жазгандарды, согушту токтотууга чакыргандарды айыптоого мүмкүнчүлүк берүүчү «фейктер» жана «дискредитация» (жаманатты кылуу) тууралуу беренелер пайда болгон.

2023-жылы Орусиянын сотторунда армияны жаманатты кылуу тууралуу 2870 административдик иш каралган, жалпысынан согуш башталгандан бери мындай иштердин саны 8386ге жеткенин «Сибирь.Реалии» быйыл март айында жазган. (RK)

Дагы караңыз

Иранда жаңы президент расмий түрдө ишке кириштиАта-энеси миграцияга кеткен балдардын саны 86 миңден аштыВенесуэла: Мадуро шайлоодо жеңгенин жарыялады, бийликке каршы акция күч алды Венесуэла: Президенттик шайлоодон кийинки нааразылык