Евробиримдик Украинага камакка алынган Орусиянын активдеринин эсебинен 1,5 млрд евро бөлөт. Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жарыялады.
"Бүгүн биз камактагы орус активдеринен 1,6 млрд АКШ долларын Украинанын коргонуусуна жана калыбына келүүсүнө бөлөбүз", - деп жазды фон дер Ляйен X социалдык түйүнүндө.
The EU stands with Ukraine.Today we transfer €1.5 billion in proceeds from immobilised Russian assets to the defence and reconstruction of Ukraine. There is no better symbol or use for the Kremlin’s money than to make Ukraine and all of Europe a safer place to live. pic.twitter.com/keDyf9Dzzd
— Ursula von der Leyen (@vonderleyen) July 26, 2024
Москва 2022-жылдын февраль айында Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканы Батыш мамлекеттери 300 миллиард АКШ долларындай орус активдерин камакка алган. Ал эми өткөн "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер июнь айында Италияда өткөн саммитте Украинага камактагы орусиялык активдердин эсебинен 50 миллиард доллар насыя берүүнү макулдашкан.
Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Евробиримдикке бул кадамы үчүн X социалдык түйүнү аркылуу ыраазычылык билдирди.
Камактагы орусиялык активдердин көп бөлүгү (228 миллиард доллар) - Европада, 10 миллиард доллар Кошмо Штаттарда, 30 миллиард доллар Жапонияда, 10 миллиард доллар Британияда.
Урсула фон дер Ляйендин билдирүүсүнө Москва дароо реакция жасады. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия Евробиримдиктин кадамын жоопсуз калтырбастыгын билдирди.
Дагы караңыз
Франциядагы темир жол каттамдары үзгүлтүккө учурады Обама Камала Харристин талапкерлигин колдодуОрусияда коргоо министринин мурдагы орун басары Дмитрий Булгаков кармалды