Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:17

Обама Камала Харристин талапкерлигин колдоду


АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана Американын мурдагы президенти Барак Обама. 5-апрель, 2022-жыл.
АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана Американын мурдагы президенти Барак Обама. 5-апрель, 2022-жыл.

Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Барак Обама демократтардын атынан президенттикке Камала Харристин көрсөтүлүшүн колдоду. Бул тууралуу ал X социалдык түйүнүнө жазды. Анын айтымында, аялы Мишел Обама да Харристи колдойт.

АКШнын вице-президенти Камала Харриске Демократиялык партиянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн дээрлик баары колдоосун билдирди. Эми анын талапкерлиги августта өтө турган партиянын расмий Улуттук курултайында көрсөтүлүшү керек.

Буга чейин жыйындын делегаттарынын көбү 59 жаштагы Харристи колдоорун айтышкан.

Барак Обама Харриске колдоосун башкаларга салыштырмалуу кечирээк билдирди.

Шайлоого 100 күндөй калганда АКШ президенти Жо Байден жарыштан чыгып жатканын жарыялап, Камала Харриске колдоо көрсөткөн.

Расмий көрсөтүлсө, Харрис президенттике талапкерлигин койгон алгачкы афро-америкалык айым болуп калат. Ал Окленд шаарында индиялык жана ямайкалык иммигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Республикачылардын партиясынан расмий талапкер катары мурдагы президент Дональд Трамп көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG