Жаңы окуу жылынан тарта Бишкектеги 44 мектепте сабактар саат 7:30да башталат

Бишкек шаарындагы мектептердин бири.

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы окуу жылынан баштап дагы 30 мектепте сабактар саат 7:30дө баштала турганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, буга чейин 14 муниципалдык мектепте сабактар 7:30да башталып келсе, эми алардын саны 44кө жетти.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 103 муниципалдык мектепте 198 миң 129 бала билим алат. Жогорудагы өзгөртүүдөн кийин мектептердин 42-44% эрте мененки 7:30дан тарта билим берүүгө өтөт.

“Мындан тышкары, жол-транспорт инфраструктурасындагы тыгындарды жоюу максатында Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге унааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын эскертет, эреже бузган учурда аларды айып пул менен эвакуациялоо чаралары көрүлөт. Ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ата-энелерден балдарынын жакын жердеги мектептерде билим алуусун алдын ала пландаштырууну суранабыз”, - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында, 25-июлда Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкектеги мектептерде сабактарды саат 8:00дөн эрте баштоого уруксат берилген. Ошол эле документте борбор калаадагы кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керектиги жазылган.

Бишкек шаарында жалпы саны 167 миң 727 окуучуну түзгөн 129 кесиптик-техникалык билим берүү уюмдары бар.

Буга чейин шаар мэри Айбек Жунушалиев жол тыгынын чечүү үчүн мектептерде сабактарды саат 7де, айрым мекемелерде саат 10до баштоо сунушун жарыялаган. Буга социалдык тармактарда сын-пикирлер да айтылган.

Дагы караңыз

Камактагы Карабаевдин адвокаты тергөөчүнү сотко бергенин билдирди Президент Жапаровдун “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” жарлыгы чыктыКытай Ооганстанда ири жез кенин иштетүүгө кириштиОрусия эки күндөн бери Украинанын Дунайдагы портторуна чабуул коюуда