Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Кытай Ооганстанда ири жез кенин иштетүүгө киришти


Долбоордун ачылышы.
Долбоордун ачылышы.

Кытай жана “Талибан” Ооганстанда дүйнөдө экинчи орунда турган жез кенин иштетүү боюнча ири долбоорго расмий түрдө киришти.

Долбоордун ачылышы 24-июлда баш калаа Кабулдан 40 чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан Мес Айнакта өттү. Ага Ооганстандын өкмөтүн башкарып жаткан талибдердин өкүлдөрү, кытайлык ишкерлер жана дипломаттар катышты.

2008-жылы кол коюлган 3 миллиард долларлык келишим Кытайдын China Metallurgical Group Corporation (MCC) мамлекеттик компаниясына бул кенди 30 жыл бою иштетүү укугун берген. Бирок ал кезде НАТО баштаган аскерлер менен талибдер ортосундагы атышуулардын айынан токтоп турган.

"Ишти ыкчамдатып, долбоорду жүзөгө ашырууда текке кеткен убакытты кайтаруу керек", - деди Ооганстандын экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр Абдул Гани Барадар.

Жездин алгачкы партиясы эки жылдан кийин алына баштай турганы айтылып, кытайлык дипломаттар Бээжин менен Кабул ортосунда алака кеңейе баштаганын белгилешти.

Кытайдын Ооганстандагы элчиси Чжао Син «Эки өлкө ортосундагы экономикалык жана соода мамилелери барган сайын тыгыз болуп баратат», - деди.

Кытай Ооганстандын мунай, газ жана сейрек кездешүүчү металл сыяктуу кен байлыктарына кызыгат.

Мес Айнактагы кенде 11,5 миллион тонна жез рудасы бар деп болжолдонууда. Жез электроника компоненттери үчүн абдан маанилүү. Ал электромобиль чыгарууда, энергиянын жаңыланып туруучу булактары жаатында жана маалымат борборлорунун ишинде кеңири колдонулуп, суроо-талап өсүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG