Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:50

Камактагы Карабаевдин адвокаты тергөөчүнү сотко бергенин билдирди


Жоомарт Карабаев
Жоомарт Карабаев

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, камактагы Жоомарт Карабаевдин адвокаты Акынбек Ногоев атайын кызматтын тергөөчүсүн сотко бергенин "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, тергөөчү жактоочунун Карабаевдин иши боюнча экспертиза дайындоо өтүнүчүн мыйзам чектеген үч күндүк мөөнөттө карабай, жооп бербегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз жазган. Отурум 29-июлда болот.

Жоомарт Карабаевдин камактан жазган билдирүүсү 24-июлда анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Ал тергөөчү "өзүнүн кесиптик кызматтык милдеттерин так аткарбай жатканын" белгилеп, буга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин көңүл буруусун өтүнгөн.

Адвокат Ногоев Фейсбукка чыккан билдирүү Карабаевге таандык экенин бышыктап, интернетке анын жакындары аркылуу жарыяланганын белгиледи.

Азырынча УКМК жана аталган тергөөчү комментарий берген жок. "Азаттык" атайын кызматтын жүйөсүнө орун берүүгө даяр.

Адвокат Акынбек Ногоев Жоомарт Карабаев "телефон колдонуп, Фейсбукка билдирүү жазып жатат" деген негизде жаза изоляторуна киргизилгени тууралуу маалымат укканын билдирген. Кийинчерээк Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун адистери менен УКМКнын тергөө абагына барганын, Карабаев жаза камерасына которулбаганына күбө болуп чыкканын айтты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, атайын кызмат кармаган Жоомарт Карабаевдин бөгөт чарасын карап, аны 19-августка чейин камакка алган.

УКМК кызматкерлери Карабаевди 2-июлда суракка алгандан кийин кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Жоомарт Карабаев буга чейин Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Ал ошондой эле экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG