Олимпиада тарыхы. Жеңишке жеткен кыргыз спортчулары

"Азаттыктын" коллажы. Буга чейинки олимпиада оюндарында медал алган спортчулар.

Олимпиаданын узак тарыхында миңдеген спортчулардын ысымы жазылып калды. “Азаттык” кыргыз спортчуларынын олимпиада оюндарындагы ийгилиги жөнүндө урунттуу маалыматтарды топтоду.

Кыргызстандык спортчулардан алгачкылардан болуп олимпиадага чыйыр салган спортчу Сайботтал Мурсалимов болгон. Ал 1960-жылы Римде өткөн XVII жайкы олимпиадага катышып, кыргыз олимпиадалык кыймылына жол ачкан. Ал бул оюндарда ат спортунан мелдешке катышып, 5-орунду ээлеген. Сайботтал Мурсалимов 1964-жылкы Токио олимпиадасына катышкан.

Андан кийинки олимпиадалык оюндарда жөө күлүктөр Леонид Иванов, Отто Барч, Вера Корсакова, Валентина Чичаева, суучул Ахмед Анарбаев Кыргызстандын атынан чыгышты. Бирок алар ийгиликке жете алган эмес.

Ахмед Анарбаев СССРдин сууда сүзүү боюнча курама командасынын катарында. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында суучулдардан биринчи болуп 1968-жылы Мехикодо өткөн олимпиада оюндарына катышкан. Ысык-Көлдү сүзүп өткөн алгачкы суучул.

Дагы караңыз "Бут тосууларга карабай жеңүүчү болгон". Суучул Ахмед Анарбаевдин тагдыры

Бирок эң таанымал ысым 1980-жылы Москвада өткөн XXII жайкы олимпиада оюндарында жаңырган. Анда кыргызстандык оор атлетчи Каныбек Осмоналиев баштаган кыргызстандык беш спортчу чемпион болгон.

Каныбек Осмоналиев 52 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, булкуу ыкмасы менен 107,5 килограмм, түртүү ыкмасы менен 137,5 килограммды көтөргөн. Жалпысынан 245 килограммды көтөрүп, өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңырткан.

Осмоналиев ошол кездеги оюндарды мындайча эскерди:

Каныбек Осмоналиев.

“1980-жылы сегиз спортчу катышып, сегиз медал алып келгенбиз. Александр Мелентьев, Александр Блинов, Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий жана мен алтын медал утсак, Александр Панфилов күмүш, Сатымкул Жуманазаров, Марина Сысоева, Александр Абушахмедов коло медал утушкан.

Дал ушул 1980-жылдагы олимпиада сапаты жагынан Кыргызстандын тарыхындагы эң биринчи курама болгон. Ал учурда Советтер Союзунун биринчилигин ута албасаң эч жакка чыга албайт элең. Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин кыргыз спортчуларына эң чоң жол ачылды. Азыр даярдыгың жетишсе, каалаган эл аралык мелдешке катышып, ийгилик жаратсаң болот. Биз СССРдин биринчилигин утуп, курама командага кирип, анан гана Европа, дүйнө чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге катыша алчубуз. Менин атаандаштарым өтө күчтүү болчу. Эл аралык, дүйнөлүк мелдештерди утуп жүргөн атаандаштарым бар эле. Негизги атаандашым Александр Воронин СССРдеги эң алдыңкы спортчу эле. Ал олимпиаданы уткан, дүйнө чемпиону болгон, рекордчу эле. Мен аны утуп, андан кийин дүйнө чемпионатында жеңишке жетип, анан Советтер Союзунун курамасына кирип, олимпиадага катышкан элем”, - деп эскерет оор атлет.

Москва олимпиадасынын чемпиондору (солдон оңго): жеңил атлет Николай Чернецкий, ок атуучу Александр Мелентьев, оор атлет Каныбек Осмоналиев жана жеңил атлет (узундукка секирүү боюнча) Татьяна Колпакова.

Ушул эле жылы СССР курамасында Кыргызстандан барган мерген Александр Мелентьев, жеңил атлетчилер Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, ат спортчу Александр Блинов чемпион аталышкан. Бардыгы болуп бул олимпиадада кыргызстандыктар 5 алтын медал жеңип алышкан.

Дагы караңыз Москва олимпиадасы - кыргыз спортунун туу чокусу

Ушул эле Москва олимпиадасында 42 км 195 метр марафондук жарышында кыргызстандык жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров марага үчүнчү келип, коло байгенин ээси болгон. Ал 42 км 195 м аралыкты 2 саат 11 мүн. 16 секундада чуркап өткөн. Бул окуя советтик марафончулардын олимп жарышына катышуу тарыхында биринчи жолу 3-орунду ээлеп, коло медалды жеңип алган учур катары катталган.

1988-жылкы Сеул олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Мария Кулчунова менен футболчу Сергей Фокин чемпион болгонун журналист Кабыл Макешов өзүнүн олимпиада оюндары тууралуу эмгегинде белгилеген.

1992-жылы Испаниянын Барселона шаарында өткөн XXV жайкы олимпиадада кыргызстандык гандболчу Талант Дүйшөбаев менен баскетболчу Елена Баранова алтын медал утуп алышкан.

Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев.

Кыргызстан эгемен өлкө катары олимпиадага катыша баштады

1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн XXVI жайкы олимпиадага Кыргызстан эгемен өлкө катары биринчи жолу өз желеги менен ат салышкан деди Кабыл Макешов.

Кабыл Макешов.

"Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону өз алдынча команда, өз алдынча желегин көтөрүп олимпиада оюндарына катышканына 30 жыл болду. Атланта олимпиадасынан баштап ушул күнгө чейин жайкы олимпиада оюндарына 180ге жакын спортчу катышып, үч күмүш, төрт коло медал утуп, алтын медал алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Жылдын жылга олимпиадалык оюндарга катышууда спортчулардын чеберчилиги өскөнү, тажрыйба топтогону байкалып турат. Кыргызстан олимпиаданын алгачкы медалын Айдын Смагулов утуп берген. Андан кийин Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев Бээжин олимпиадасында күмүш, коло байгелер менен кайтышкан. Ошондон тартып Кыргызстан жаштар арасында күрөшкө болгон кызыгуу күчөгөн", - 12 олимпиаданын катышуучусу, спорт журналисти Кабыл Макешов.

Кыргызстандын эгемен тарыхында олимпиаданын алгачкы коло медалын дзюдочу Айдын Смагулов алган. Ал дзюдо боюнча Казакстандын курама командасына кирбей калгандан кийин, жарандыгын алмаштырып, Кыргызстандын атынан күрөшө баштаган. 2000-жылы Сиднейдеги олимпиадада коло байгени жеңип алган.

Сидней олимпиадасына аттанган Кыргызстандын курама командасы. 2000-жыл. (Сүрөт Кабыл Макешовдун китебинен алынды).

Сиднейдеги олимпиадага Кыргызстандан 10 спорттун түрүнөн 49 спортчу катышкан. Мында сууда сүзүүдөн мелдештерге 18 кыргызстандык спортчу катышкан.

2004-жылы Афинада өткөн жайкы олимпиада оюндарында Кыргызстандык улуттук команда (29 спортчу 10 спорттун түрү боюнча) ийгиликке жете алган жок.

Бээжин олимпиадасынын ачылуу аземинде параддан өтүп жаткан Кыргызстандын курама командасы. 2008-жыл.

2008-жылдагы Бээжин олимпиадасында Кыргызстан 205 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээледи. Бул оюндарда кыргызстандык балбандар көрүнө алышты.

Бээжин олимпиадасынын медал менен кайткан балбандарды тосуп алуу салтанаты. Бишкек. 2008-жыл.

Грек-рим күрөшүнөн 66 килограмм салмактагы Канатбек Бегалиев финалда француз балбаны Гуенот Стифтен жеңилип, Кыргызстанга күмүш байге алып келди.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында олимпиаданын алгачкы күмүш байгесин уткан Канат Бегалиев ошол күндү мындайча эскерди:

“2008-жылы чынында менден медалды күтүшкөн. Анткени жаш эмес элем. 2004-жылы Афина олимпиадасында 11-орунду ээлегем. Афина олимпиадасына грек-рим күрөшүнөн Уран Калилов, Данияр Көбөнөв, Жанарбек Кенжеев, мен жана Георгий Чхадзе жолдомо алганбыз. Бээжин олимпиадасыны алдында дүйнө чемпионатынан күмүш медалым да бар эле. Машыктыруучуларым, үй-бүлөм менден медал күтүшкөн. Ошол жерде анча кубанган жокмун. Анан Кыргызстанга келгенде гана элиме, жериме сүйүнүч тартуулаганымды сездим. Бээжин олимпиадасына грек-рим күрөшүнөн Руслан менен мен жолдомо алып, экөөбүз тең медал уттук. Ал учурда күрөш мынчалык эмес эле, эми өтө жакшы деңгээлге көтөрүлдү. Спорт менен кошо фармакология да өсүп атат. Азыркы олимпиадага жолдомо алган балдардын баары тандалма спортчулар”, - деди ал.

Руслан Түмөнбаев 60 килограммга чейинки салмакта олимпиаданын коло байгеси үчүн кубалык Роберто Мондоз менен беттешип жатат. Бээжин. 2008-жыл.

Ушул эле олимпиада оюндарында Руслан Түмөнбаев 60 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшүнөн коло медалга ээ болгон. Балбан коло байге үчүн болгон беттеште кубалык Роберто Мондозду 7:1 эсебинде жеңген. Бул окуялар Кыргызстандын олимпиадалык тарыхындагы бурулуш катары сыпатталып келет.

2008-жылы Бээжинде эркин күрөш балбаны Базар Базаргуруев бешинчи болуп калган. Олимпиада комитети 2017-жылы анын атаандашы Василий Федоришиндин кызытма колдонгонун аныктагандан кийин коло байге Базаргуруевге ыйгарылган.

2012-жылы Лондондо өткөн олимпиада оюндарына 9 спорттун түрүнөн кыргызстандык 14 спортчу катышып, медал ута алышкан эмес.

Лондондогу олимпиада оюндарынын ачылышына катышып жаткан Кыргызстандын курама командасы. 2012-жыл.

2016-жылы Бразиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн олимпиада оюндарында Кыргызстандан барган 19 спортчунун ичинен оор атлетчи Иззат Артыков гана коло медал тагынган болчу. Бирок Эл аралык спорттук арбитраж анын канынан тыюу салынган стрихнин заты табылды деген жүйө менен байгени кайтарып алган.

Иззат Артыков.

2021-жылы Токиодогу олимпиадада балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбеков алтын байгеге бир кадам жетпей, күмүш медалга ээ болгон. Мээрим Жуманазарова коло медал уткан.

Айсулуу Тыныбеоква Токио олимпиадасынын күмүш медалы менен. Токио. 2021-жыл.

Токиодо өткөн Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге жеңилип, күмүш медал алган.

Тыныбекова олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды. Айсулуу бул олимпиадага дүйнө чемпиону, дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээлеп, баш байгеге башкы талапкер фаворит катары барган эле.

Балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова Токио олимпиадасынын күмүш медалдары менен. Бишкек шаары. 2021-жыл.

Балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта венгриялык Тамаш Лёринц менен күрөшүп, бир упайдын айырмасында 1:2 эсебинде жеңилип, олимпиаданын күмүш медалын тагынган.

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Токио олимпиадасынын коло байгеси үчүн болгон беттеште монголиялык Соронзонболдын Батцэцэгди 10:1 эсебинде далысын жерге тийгизип таза утту. Бул эгемен Кыргызстандын олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал болуп калды.

Кыргыз спортунун жаңы барагын ачкан балбандар

Аты аталган үч спортчу тең кайрадан Париж олимпиадасында медал үчүн күч үрөмөкчү. Айсулуу бул олимпиадага да үч жолку дүйнө, алты жолку Азия чемпиону, дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээлеп, баш байгеге башкы талапкер фаворит катары баратат.

Дагы караңыз Париж-2024: Кыргызстандык спортчуларга артылган үмүт

100 жылдан кийин кайрадан Парижде өтүп жаткан олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алды. Алар спорттун беш түрү: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча таймашат.