Газада дагы 16 кишинин өмүрү кыйылды, Нетаньяху АКШга жөнөдү

Биньямин Нетаньяху.

Газа секторунун түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында Израилдин соңку чабуулдарынан кеминде 16 палестин тургуну набыт кеткенин бүгүн 22-июлда анклавдын саламаттык сактоо мекемесине таянып Reuters маалымдады. Мекемени ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөйт.

Газадагы согуш маселеси тууралуу бул аптада АКШ Конгрессинде да сөз болот. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бүгүн Вашингтонго жөнөдү. Ал президент Жо Байден менен жолугарын, Конгресс алдына чыгып сөз сүйлөрүн айтты, сапардын өзү да, АКШ бийлигиндеги эки партиянын бирдей колдоосу да Израил үчүн «өтө маанилүү» экенин белгиледи:

«Мен эки партиянын тең Израил үчүн абдан маанилүү болгон колдоосун бекемдөөгө аракет кылам жана эки тараптагы тең досторума америкалыктар кийинки президент катары кимди тандабасын, Израил АКШнын Жакынкы Чыгыштагы ажырагыс жана күчтүү союздашы бойдон кала берерин айтам".

Ал тапта Израил армиясы (ЦАХАЛ) сектордун түштүк тилкесинде аскердик операциясын улантарын, ал жактагы Хан-Юнис шаарынын чыгыш бөлүгүнөн убактылуу чыгып кетүү керек экенин жай тургундарга дүйшөмбү күнү эскертти. Операция жүргүзүлөт деген аймакка гуманитардык зона катары аныкталган ал-Маваси району да кирери, андыктан, жайкын тургундар сокку алдында калбашы үчүн тактоо иштери жүрүп жатканы белгиленди.

Израил аскерлери белгилегендей, ал жерде ХАМАС согушкерлери топтолуп турушат.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Газа боюнча эл аралык уюмдар сектордо жайкын тургундар үчүн коопсуз жер калбай калганын белгилеп жатышат.

Жакында гуманитардык аймак деп белгиленген ал-Мавасиде Израилдин чабуулунан ондогон кишинин өмүрү кыйылган. Израил бул соккусу ХАМАСтын былтыр октябрда Израилдин аймагында кыргын уюштурган башчыларынын бирин жок кылуу үчүн жасалганын айтууда, ал эми палестин тарап муну актануу деп атоодо. (RK)

Дагы караңыз

Математикадан эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучу алтын байге алдыКыргызстанда 218 бала фостердик үй-бүлөлөрдө тарбиялануудаГерманияда Путин жөнүндө китеп жазган автор журналисттик бирикмеден чыгарылды Украина Орусия жоготуусуна карабай чабуулун улантып жатканын билдирди