“Куугунтук курмандыктары” подкастында репрессиядан жабыркаган кыргызстандык аялдардын тагдыры тууралуу тарых илимдеринин кандидаты, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин илимий кызматкери Салтанат Асекова менен талкуулайбыз.
- Мындан туура 87 жыл илгери, 1937-жылы 5-июлда Бүткүл союздук Компартиянын – ВКП(б)нын Борбордук Комитети “Мекенге чыккынчылыгы үчүн соттолгондордун үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу” токтом кабыл алып, анын арты менен миңдеген кишилер кармалып, сүргүнгө айдалган. Аялдар үчүн атайын лагерлер ачылган. Кыргызстанда куугун-сүргүнгө кабылган аялдар тууралуу кандай изилдөөлөр бар?
Салтанат Асекова: Негизи эле репрессия - Кыргызстанда чети оюла элек тема. Биздеги репрессияга кабылган аялдар тууралуу өзүнчө изилдөөлөр жок. 2020-жылы Болот Абрахмановдун 10 томдук эмгеги жарык көрдү. Ушул эмгекте жалпы репрессияга кабылган 17 134 кишинин тизмеси болсо, анын 681и аялдар. Улуттук курамы боюнча карасак, мунун 383ү орус улутундагылар, сан жагынан экинчи орунда украиндер, анан немистер турат. Кыргыздардан болсо 55 аял репрессияланган экен. 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” учурунда “контрреволюционердин энеси”, “контрдун жубайы” деген кине менен куугунтуктун алгачкы этабы башталган. Кыргызстанда эң жогорку жаза (өлүм жазасы) 32 аялга колдонулуп, алар атылган. Эки аял 10 жылга кесилген. 1937-жылдагы репрессиядан кийин “мекен чыккынчыларынын үй-бүлөсү тууралуу” совет бийлиги чечим чыгарып, аялдарга карата куугунтук күчөгөн.
- Ошол 1937-жылдары аялдарга карата кандай айыптарды тагышкан?
Салтанат Асекова: “Мекен чыккынчысынын жубайы”, “мекен чыккынчысынын энеси” сыяктуу эле. Таңкалыштуусу, “мекен чыккынчысынын өгөй энеси” деп дагы соттошуптур. Социалдык абалын карасак, 681 аялдын ичинен тогузу гана Компартиянын мүчөсү. Ал эми тогузу мугалим. Көпчүлүгү карапайым эле кишилер. Репресссияланган аялдардын арасында бир гана юрист бар экен. Маселен, манас таануучу, белгилүү окумуштуу Евгений Поливановдун аялы Бригитта Поливанова дагы тыңчылыкка айыпталып, репрессияланган. Ал шаардык билим берүү башкармалыгында катчы болуп иштептир. Менимче, 681 аял деген маалымат толук эмес. Репрессия Кыргызстанда 750дөн ашык айылды камтыса, ар бир кишинин үй-бүлөсүнө кесепети тийген. Мисалы, Төрөкул Айтматовдун жакындарынын эскерүүлөрүнөн деле “эл душмандарынын” туугандары канчалык азап тартканын көрөбүз. Ошондо “мекен чыккынчысынын жакыны” деп кош бойлуу аялды төрөтканага кабыл албаган учурлар да болуптур.
- Аялдар үчүн Казакстанда АЛЖИР ("Акмолинский лагерь для жен изменников родины") атыккан лагер болгонун билебиз. Ошол кезде совет бийлиги аялдар үчүн мындай төрт лагер куруптур. Анын бири ушул Казакстандагы, андан сырткары Мордовияда, Орусиянын Горький облусунда, төртүнчүсү Кыргызстанда болгону айтылып жүрөт. Бул Кыргызстандагы лагер тууралуу биздин тарыхчылардын изилдөөлөрү барбы?
Салтанат Асекова: Жалпы СССРдин аймагында ГУЛАГдын (ред.: Главное управления лагерей – СССР учурундагы жазалоочу орган) 36дан ашык лагери болгон экен. Анын төртөө аялдарга арналган: Орусия аймагындагы Темляковский, Мордовиядагы Темниковский, анан Казакстандын Акмоло облусунун аймагындагы АЛЖИР, Кыргызстандын башкалаасы Бишкектен 100 чакырымдай алыстыктагы Жаңы-Жер лагери. Жаңы-Жер лагеринде репрессияланган аялдардын басымдуу бөлүгү жазасын өтөгөн. Азыр деле ал жерде аялдар абагы иштеп жатат (ред.: Чүйдүн Степное айылындагы аялдардын түзөтүү колониясы).
- Ал жердин тарыхый изи калганбы? Эмне сакталып калыптыр?
Салтанат Асекова: Маалыматтар ИИМдин архивинде жатат. Имараттары кайра жаңыдан курулган.
- АЛЖИРдин ордунда кулакка тартылгандар үчүн лагер болгон турбайбы. Аны аялдар лагерине айлантышкан экен. Тагдырдын тамашасын караңыз, айрым тарыхчылар бул жайга ошол кулакка тартуу саясатын жүргүзгөндөрдүн аялдары да камалганын белгилейт. Казакстандагы лагердин ордунда азыр тоталитардык жазалоолордун курмандыктарына арналган "АЛЖИР" музейи бар. Тарыхый эс тутум үчүн музей абдан маанилүү экен. Ал эми биздеги лагер жөнүндө тарыхый эмгектерде дагы көп жазылбай келет.
Салтанат Асекова: Жаңы-Жердеги лагер тууралуу чынында эле көптөр биле беришпейт, Мен ал абак жайга өзүм дагы баргам. Алар өздөрүнүн тарыхын жазганда деле 1950-жылдардан тарта деп көрсөткөн. Репрессия тууралуу сөз болбойт, өздөрүндө да маалымат жок. Эски имараттар жокко эсе, дээрлик баары жаңыланган. Кыргызстанда азыркы тапта ХIХ кылымдын аягындагы абак жайларынын экөө гана сакталып калган. Бирөө Ошто, экинчиси Караколдо. ХIХ кылымда азыркы Кыргызстандын аймагында үч эле түрмө болгон. Жогоруда аталган эки абак жай, анан үчүнчүсү Пишпекте болгон. Кийин аны түп орду менен тазалап, жаңы абак жай курулган. Жаңы-Жерде деле ошол сыяктуу бүт жаңыланып кеткен. АЛЖИР да самандан курулган экен. Айрым имараттарын гана кайра калыбына келтирип, музейге айлантышкан.
Дагы караңыз "Ата-Бейит": тарых унутулса, трагедия кайталанат- АЛЖИРде кыргызстандык аялдар болгонбу?
Салтанат Асекова: -Биз карап чыктык, андай маалымат жок, азырынча табыла элек. Кыргызстанда жалпы репрессиялангандардын 3,5% аялдар түзөт. Атууга кеткендердин 1% түзгөн.
- Кыргызстанда ошол 1937-жылдары репрессиялангандардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кимиси жазаланганы, тагдыры кандай болгонун анча биле бербейбиз. Жазага тартуунун масштабы тууралуу сурайын сизден.
Салтанат Асекова: Агартуу иштеринин көч башында турган Сатыбалды Нааматовдун мисалын айтсак болот. Анын жубайы Салима Нааматова догдур болгон. Күйөөсү камакка алынганда, аялын дагы жазага тартууга аракет кылышкан. Бирок төрөт үйүндө башка догдур болбогондуктан, жамааттын суранычы жана башка жагдайлар менен Салима Нааматова репрессиядан аман калган. Сурактын протоколдорун карап көрсөк, бири-бирине аябай окшош. “сен эл душманынын аялысың”, “туура эмес иштерин көрүп туруп, кабар берген эмессиң” деген айыптарды тагышкан. Репрессиянын масштабына келсек, мектеп окуучусунан улгайган кишилерге чейин жеткен. Мисалы, согуштан кийин, 1950-жылдары Ысык-Көлдөн 15 жаштагы эки кыз “антисоветтик маанайда болгон үчүн” жазага тартылган. Аларды 10 жылга кесишкен. Өткөн жылы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексин реконструкцияладык. Ошондо биринчи жолу аялдарга арналган бурч түздүк. Музейге келгендер таң калып жатышат, “аялдар дагы репрессияланды беле” деп. Демек, алдыда дагы көп изилдешибиз керек. Репрессия темасы бизде чети оюла элек, көп изилдөөлөрдү талап кылат.
Дагы караңыз Идеяга башын сайган айдыңдар: Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү