Совет бийлиги “кулакка тартуу” деп атаган куугун-сүргүн 1929-30-жылдардагы айыл чарбасын колхоздоштуруу маалында өтө катаал жүргөн. Миңдеген кишилер үй-жайынан ажырап, ата мекенинен куулуп, сууктан, ачкачылыктан, жол азабынан кырылган. Айрым тарыхчылар Советтер Союзунун аймагынан 3 миллиондой киши кулакка тартылса, 500 миңдейи каза тапканын белгилеп жүрөт.
Кант шаарында жашаган 77 жаштагы Адил Халилов Азербайжандан кулакка тартылып, адегенде Казакстанга сүргүнгө айдалып, кийин Кыргызстанга жер которгон азерилердин үчүнчү муунунан.
Азербайжандын борбордук бөлүгүндөгү Агдаш районунда жашаган чоң атасы керосин саткан чакан дүкөнү үчүн кулакка тартылган.
“Ошол кулакка тартуу учурунда Азербайжандан Казакстанга үч партия менен сүргүнгө айдашкан экен. Менин чоң атамдар ошол биринчи топ менен сүргүнгө айдалган 10 миң кишинин арасында болгон. Аларды бир сутканын ичинде эле жүк тарткан вагондорго салып, Казакстанга жөнөткөн. Чоң атам үч баласы жана чоң апам менен Казакстанга келип түшкөн. Шортанды деген жерге алып келишип, зым менен тосулган жерге кармашканын эскериптир. Ошентип 10 миңдей адам Казакстандын суук бөлүгүндө туруп калат. Азербайжанда мындай суук жок да, жашоо-шарттары да оор болуп, абдан кыйналышат. Келгиндердин сегиз миңдейи каза болгон. Алар өлгөндөн кийин тамак-аш алууга берилген карточкаларынын көбүн жашырып тапшырбай коюп, кийинки этап менен келгендерге берип чоң атам көп кишини ачкачылыктан сактап калган экен. Кантта жашаган азерилер “сенин чоң атаң баарыбызга жардам берген” деп өзгөчө урмат-сый көрсөтүшчү. Менин чон атам ошондой киши болуптур”.
Кийин алар совет бийлигинен Кыргызстанга көчүүгө уруксат сурап, 1932-1936-жылдары жаңы гана түптөлүп жаткан азыркы Кант шаарына келип отурукташат.
“Казакстанда бир жылдын ичинде сегиз миңи каза болгондон кийин “Биз бул жакта кырылып калабыз. Башка жерге кетүүгө бизге уруксат бериңиздер” деп каттарды жазышкан. Ошентип калган эки миңдейи 1932-1936-жылдары Кыргызстанга келишкен. Бир бөлүгү Кара-Балтага, экинчиси Сокулукка түшкөн. Калганы бир жылдан кийин Кантка көчүп келишкен. 1935-1936-жылдары Кантта шекер заводунун курулушу башталып, көп жумушчу керек болгон. Чоң атам үч баласы менен Кантка келиптир.
- Сиз чоң атаңызды көрүп калдыңызбы?
- Албетте. Мен 16 жашымда чоң атам 63 жашта эле.
- Эмне себептен кулакка тартышканын өзү эскерчү бекен?
- Менин чоң атамдын керосин саткан дүкөнү болгон. Башка эчтекеси деле жок болчу. Чоң атамдын үйү азыр деле Агдаш районунда турат. Ал үйдү керек болсо туугандарым барып көрүп келген.
- Сиз дагы көрдүңүзбү?
- Тилекке каршы, көрө элекмин. Мен эки-үч мерте Бакуда эле болдум.
- Ал үй эмне болуптур? Бирөө жайгашканбы же мамлекетке өткөнбү?
- Мамлекет өзүнө алган. Бир учурда райондук билим берүү бөлүмүнүн кеңсеси да болуп туруптур".
Подкастты бул жерден угуңуз:
Совет өкмөтү 1929-жылы 27-декабрында “Кулактарды тап катары жоюу” чечими жарыялаган. Массалык репрессия 1930-жылы февралда башталганын, операциянын биринчи эле күнүндө – 1930-жылы 6-февралда 16 миңдей киши камакка алынганын бир катар булактар ырастап жүрөт.
Айрым тарыхчылар ошол кезде “кулактар” үч категорияга бөлүнгөнүн жазышат. Биринчилеринде үй-бүлөнүн кожоюну камакка алынып, “контрреволюционер” деп лагерге айдалган. Ал эми жакындарын, үй-бүлөсүн жер котортуп, башка аймакка жиберишкен.
Экинчилери үй-бүлөсү менен чогуу мекенинен алыскы аймактарга сүргүнгө айдалышкан. Үчүнчүлөрүнүн үй-мүлкүн конфискациялашып, заводдорго же курулушка жумушка чегеришкен экен.
Адил Халилов чоң атасынан уккандарын эстеп отуруп, 1929-32-жылдар аралыгында Азербайжандан кулакка тартылгандар үч топ менен Казакстанга жеткирилген дейт. Алардын саны болжолу 25 миңдей болгон.
“Менин билишимче 25 миңдей адам 1930 -1932-жылдар аралыгында сүргүнгө айдалып келген. Акыркы тобу 1932-жылы келген экен.
- Чоң атаңыз Кыргызстанга кантип келишкенин эскерип айтып берчү беле? Кант шаарына келгенде кантип жайгашышыптыр?
- Алар келишкенде, самандан салынган чакан үйлөр болуптур. Ошол жакты оңдоп-түздөп, бүлөсү менен жайгашыптыр.
- Андан кийин Кыргызстанда эмне жумуш кылды?
- Чоң атам заводдо иштеген, куруучу дагы болгон.
- Ал эми өзүңүздүн атаңыздын балалыгы кандай өтүптүр? “Кулактын баласы” деп кодуланбаптырбы?
- Атам Кантка келгенде 16 жашта болгон. 20 жашында байланыш борборунун (узел связи) башчысы болгон. Ошол темир жолдо иштей баштаган. Андан кийин согушта бронь алган. Ал жакта почтанын башчысы болуп 5-6 жыл иштеген. Темир жол, курулушта иштептир".
1920-жылдары кулак деген түшүнүк - чарбасына бирөөнү жалдап иштеткендерге карата колдонулса, 1930-жылдардагы коллективдештирүүнүн жүрүшүндө кулак деп кимди атоо жергиликтүү бийликтин ыктыярына берилген.
Мындай киши кулак аталат деген так аныктама болгон эмес. Ошентип ар бир райондо райкомдун биринчи катчысы, ГПУнун өкүлү райондук аткаруу комитетинен өкүлүнөн турган комиссиялар иштеген. Көп учурда кишилердин тагдырын айылдагы эле комиссия чечкен учурлар болуптур.
“Кулакка тартуу кандай болгондугун мен таптакыр түшүнбөйм. Чоң атамды керосин саткан дүкөнү болсо кулакка тартыптыр. Ал кандай кулак болуп калат? Азырга чейин түшүнбөйм.
- Чоң атаңыздын сүрөттөрү барбы?
- Чоң атамдын сүрөтү таптакыр жок. Ал эми атамдын, атамдын сүрөттөрү бар.
- Бирок чоң атаңыздын элеси көз алдыңызда калды да?
- Албетте, көз алдымда турат.
-Кандай киши эле? Сүрөттөп бере аласызбы?
- Мен чоң атама куюп койгондой окшош экенимди айтышат. Чоң атам дал эле мендей болуптур.
- Дүкөн иштетип, оокатын жакшы кылганга аракет кылганына караганда, тың киши болгон экен.
- Ооба. Абдан сыйлуу адам болгон да...”
1934-жылдын 24-майында чыккан СССР Борбордук аткаруу комитетинин “Мурдагы кулактардын жарандык укуктарын калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө” токтому чыгып, кулактардын укуктары жеке тартипте калыбына келтириле баштаган экен.
Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде кулактын баласы саналган 100 миңге чукул адам армияга чакырылган. Алардын үй-бүлөсүнө эркиндик берилген экен. Адил Халилов ошол мезгилде Канттагы азерилердин көбү согушка барып келгенин эскерди.
“Нариман Башишов, Гаджиев деген кишилер согушка барып келишкен. Алардын медалдары, ордендери бар. Агаевдер, Абасовдор барышты. Баарынын туугандары, балдары азыр Кантта жашайт”.
1950-жылдардын орто ченине тарта бардык чектөөлөр алынып, сүргүндөгүлөр мекенине кайта баштаптыр.
“Ошол замандан азыркыга чейин Канттан болгону төрт үй-бүлө көчүп кеткен. Эки үй-бүлө кайра кайтып келген. Экөө ошол жакта калган. Бул жактагыларда эми башка менталитет да. Баарын үйрөнүп, көнүп калышкан. Менин агам институтту бүтүп, армиядан келип Азербайжанга конокко барып, болочок жубайын таап үйлөнгөн. Анан туугандар менен ошол жакта калды. Бакуда милицияда иштеди, азыр ошол жакта жашайт".
Адил Халилов чоң атасы кулакка тартылып, сүргүнгө айдалганын эр жеткенден кийин эле билген. Ал убагында Советтер Союзундагы башка кишилердей эле коммунизм курууга баш-оту менен берилген.
“Мектепти аяктап, политехникалык окуу жайына курулуш тармагы боюнча окууга өттүм. 1966-жылы биринчи курулуш отряды менен Ташкентти кайра калыбына келтирүүгө катыштык. Эсиңерде болсо, чоң зилзала катталып, кыйроолор болгон. Биздин окуу жайдан 25 адам барып, үч-төрт ай иштегенбиз. Институтту бүткөндө, "бизге кел, Кыргызстан Ленинчил жаштар коммунисттик союзунун Борбордук комитетинине иштейсиң” деп чакырышкан. Республикалык курулуш отрядынын командири болдум. 1500 адамдан труган студенттер менен иштедим. 1971-жылы 23 жашымда “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалын алгам.
-Чоң атаңыз кулакка тартылганын качан билдиңиз?
- 40 жашка келип калганда билдим. Атамдан бул жакка кантип келгенибизди сураганымда баарын айтып берген".
Мен андан чоң атаңыздан туулган жеринен куулуп, куугунтукка алынганын укканда өзүңүз жан дилиңизди берип кызмат кылган совет өкмөтүнө карата көңүл калуу болгон жокпу деп сурадым. Бир саамга унчукпай калды.
“Мен баарына, кыргыз элине ыраазычылыгымды билдирем. Азыр да менин досторумдун баарысы кыргыз. Кыргызча дагы, орусча дагы сүйлөйбүз. Алар менин азери экендигимди билишет да. Анан “азери тилинде сүйлөйсүңбү?” деп сурашат. Албетте, үйдө азери тилинде сүйлөйбүз. Азыр эми жаштарыбыз азери тилинде көп сүйлөбөйт.
-Чоң энеңизди көрүп калдыңызбы?
- Албетте, көрүп калдым. Чоң энем 93 жашында каза болгон. 1982-жылы менин тун уулум 10 жашында онкология дартынан көз жумду. Чоң апам дагы ошол жылы каза тапкан. Балам экөөнүн бейити жанаша болуп калды. Экөөнө чогуу өз колум менен эстелик тургузгам. Чоң энем кантип көчүп келишкенин көп деле эскерчү эмес. Көчүп келген жылдары элдин көбү “эчтеке жамандык кылбасак деле Сталин бизди ушундай кылды. Эмне үчүн бул жакка айдап жиберишти” деп нааразы болушчу экен. Анан эки-үч жыл жашагандан кийин баары түшүнүп калышыптыр. Кыргыз элинин көмөгүн алып, жардамын көрүп, жер-суусун жактырып, баары жумушка орношушкан. Кийин ыракматтан, ыраазычылктан башка айтышкан жок. Кыргызстанга миңдей азери келип отурукташыптыр. Анан башында айтпадымбы, алгач келген кишилердин көбү кырылыптыр деп...
- Алардын арасында чоң атаңыз, чоң энеңиздин туугандары деле болгондур.
- Албетте, ошол окуя абдан чоң трагедия болуптур.
1930-жылдардагы куугун-сүргүн мурдагы Советтер Союзунун аймагында жашаган улуттардын биринен да буйтап өткөн эмес. 1990-жылдарды гана бул тууралуу мурда белгисиз фактылар ачыкка чыгып, ар тараптуу иликтөөгө мүмкүн болду.