АКШнын президенти Жо Байден күзгү шайлоого катышпай турганын жана вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын жекшембиде Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагы аркылуу билдирди.
Байден менен республикачылардын талапкери Доналд Трамптын июндун аягында болгон дебатынан кийин президентти шайлоодо башка партиялашына мүмкүнчүлүк берүү чакырыктары күчөгөн.
Байден ал эрөөлдө атаандашынын чабуулдарына жооп кайтара албай, айрым учурларда чаташып, өз оюн да толук жеткире алган эмес.
Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагындагы постунда 81 жаштагы Байден бийликтеги үч жарым жылда жасаган иштерине, жетишкендиктерине учкай токтолду.
— Joe Biden (@JoeBiden) July 21, 2024
Америкалык лидер мөөнөтүнүн аягына чейин президенттик милдеттерин аткарууга жигердүү көңүл бурарын айтты.
“Сиздердин президентиңер болуп кызмат кылуу – жашоомдогу эң чоң сыймык болду. Кайра шайланууну көздөгөнүм менен шайлоодон четтеп, мөөнөтүмдүн аягына чейин жалаң президенттик милдеттеримди аткарууга көңүл буруу партиямдын да, өлкөмдүн да кызыкчылыгына төп келет деп ойлойм”, - деп жазды Байден.
Президент кабыл алган чечими тууралуу алдыдагы жумада элге жасай турган кайрылуусунда кененирээк кеп кыларын билдирди.
Буга чейин Байден шайлоо жарышынан баш тартканын жарыялашы мүмкүн экени айтылып жаткан. Бул тууралуу талкуулар 27-июнда Трамп менен дебаттан кийин күч алган.
Шайлоо алдындагы болжолдуу сурамжылоолор негизги штаттарда Трампка артыкчылык берилиши мүмкүн экенин көрсөткөн.
Талдоочулар Демократиялык партиянын талапкеринин алмашуусу шайлоочулардын ниетин дагы өзгөртүшү мүмкүн деп божомолдошот.
Соңку сурамжылоолор көрсөткөндөй, көпчүлүк шайлоочулар, анын ичинде демократтар да 81 жаштагы Байдендин дагы төрт жыл президент болууга чама-чаркы жетпейт деген пикирин билдиришкен.
Демократиялык партиянын Улуттук курултайы август айында Чикагодо өтмөкчү. Буга чейин партия Байдендин ордуна вице-президент Камала Харристи президенттикке көрсөтөрү боолгонуп жаткан.
Байден шайлоого баруудан баш тартканы жөнүндө чечиминде муну ырастап, Харристи колдорун расмий жарыялады.
My fellow Democrats, I have decided not to accept the nomination and to focus all my energies on my duties as President for the remainder of my term. My very first decision as the party nominee in 2020 was to pick Kamala Harris as my Vice President. And it’s been the best… pic.twitter.com/x8DnvuImJV
— Joe Biden (@JoeBiden) July 21, 2024
59 жаштагы Харрис демократтардын талапкери болуп тандалса, өлкө тарыхында президенттик кызмат үчүн ат салышкан теги түштүк азиялык алгачкы аял болуп калмакчы.
Демократтардын башка ыктымал талапкерлери арасында Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом, Мичигандын губернатору Гретхен Уитмер, Иллинойстун губернатору Жей Роберт Прицкер аталып келатат.
Харрис бир нече жумадан бери Байден менен шайлоо кампаниясын жүргүзүп келгендиктен, артыкчылыкка ээ. Андан тышкары кампаниянын жүрүшүндө чогултулган он миллиондогон долларды колдоно алат.
Сурамжылоолордо вице-президентти жактырбагандардын саны Байдендикиндей болуп келатканы менен айрым байкоочулар ал америкалыктардын көбүнө анча таанылбагандыктан, кампания учурунда аброюн жакшырта аларын айтышат.
Truth социалдык тармагындагы постунда Трамп Байден “президент болууга ылайыктуу эмес болчу” деп айтты.
Президенттин жарыясына чейин Трамп вице-президенттикке тандаган Жей Ди Вэнс Байден когнитивдүү (мээнин маалыматты кабыл алуу, талдоо функциялары) абалынан улам жарыштан чыкса, анда президенттик кызматтан да кетиши керек деп жазган.
If Joe Biden ends his reelection campaign, how can he justify remaining President?Not running for reelection would be a clear admission that President Trump was right all along about Biden not being mentally fit enough to serve as Commander-in-Chief.There is no middle ground.
— JD Vance (@JDVance1) July 21, 2024
АКШнын экс-президент Билл Клинтон жана жубайы, мурдагы мамлекеттик катчы, 2016-жылы демократтардын атынан президенттикке талапкер болгон Хиллари Клинтон Байдендин ордуна Харристи колдой турганын жар салышты.
“Президентке кошулуп, вице-президент Камала Харристи колдоо биз үчүн сыймык. Аны колдоо үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Эми Камала Харристи колдоого жана анын шайланышы үчүн күрөшүүгө убакыт келди”, - деп жазышты жубайлар Х тармагына.
Statement from President Clinton and Secretary Clinton pic.twitter.com/R7tYMFWbsu
— Bill Clinton (@BillClinton) July 21, 2024
Байден кайра шайлануу үчүн күрөштөн чыгуу чечимин кабыл алган алгачкы америкалык президент эмес. 1952-жылы демократ Гарри Трумэн жана 1968-жылы партиялашы Линдон Жонсон ички партиялык шайлоодо анча колдоо таппай калгандан кийин жарыштан баш тартышкан.
Алардан айырмаланып Байден праймеризди жеңген.