ӨКМ Адыгене көлүндө кайра байкоо жүргүзүлгөнүн, коркунуч жок экенин билдирди

ӨКМ тараткан сүрөт. Ала-Арча капчыгайындагы көлдөр.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча капчыгайындагы Адыгене көлүнө экинчи ирет байкоо жүргүзүп, суу деңгээли жылдык нормага ылайык жана дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экендигин билдирди. Мекеменин төрт кызматкери 18-июлда Адыгене жана жанындагы көлмөлөргө көзөмөл жүргүзүп келишти.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыевдин айтымында, ар жылы бийик тоодогу көлдөр изилденет жана азыр эч кандай кооптонуу жок.

Буга чейин Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев Адыгене көлүнүн коркунучу жок экенин, бирок тобокелчилик жараткан тайыз көлдөр бар экенин билдирген.

Мунун алдында Бишкектеги Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун Кооптуу экзогендик гидрогеологиялык процесстер лабораториясынын башчысы Сергей Ерохин “Азаттыктагы” маегинде Ала-Арча капчыгайындагы коркунучтар жөнүндө эскерткен.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Адыгене көлү жана майда көлмөлөр бар. Көл деңиз деңгээлинен 3850 метр бийиктикте, “Ала-Арча” улуттук паркынан 10 километр алыс жайгашкан. (КЕ)

Дагы караңыз

Аксыда 60тай үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдүКазакстанда боз үйдө шиш така менен бийлегендерге кылмыш иши козголдуКыргызстан менен Өзбекстан кинематография жаатында кызматташат