Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Кыргызстан менен Өзбекстан кинематография жаатында кызматташат


Кыргызстан менен Өзбекстан кинематография жаатында кызматташат.
Кыргызстан менен Өзбекстан кинематография жаатында кызматташат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кинематография жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Тийиштүү документ өз ара кызматташтыкта фильмдерди тартуу, эки өлкөдө кино күндөрүн өткөрүү, маданий байланыштарды өнүктүрүү максатын көздөйт.

Меморандумга “Кыргызстандын Өзбекстандагы кыргыз кино күндөрүнүн” ачылыш аземинде Кыргызстандын Кинематография департаментинин жетекчиси Акжолтой Бекболотов менен Өзбекстандын Кинематография агентствосунун жетекчиси Шухрат Ризаев кол койгон.


Аталган министрлик Ташкент шаарындагы "Голубые купола" сейил багында Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында "Кыргыз айылы" ачылганын кабарлаган. Анда эки күн кыргыз боз үйлөрү тигилип, улуттук аспаптар, кол өнөрчүлүк, зергер буюмдары жана улуттук кийимдер көрсөтүлөт.

Президент Садыр Жапаров 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында болду. Анын алкагында Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрү, бизнес-форум, жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жыйындары белгиленген.

2018-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде кыргыз жана өзбек киночулары биргелешип "Делбирим" тасмасын тартышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG