Кыргызстан тогуз адамга “Мекен карт” макамын берген жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери 97 чет жаранга “Мекен карт” макамы берилип, жалпы арыз жазгандардын ичинен тогуз кишиге баш тарткан чечим чыккан.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тийиштүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзат Жумаева “Азаттыкка” кабарлады.

Анын маалыматында, арыз жазган адам өзү тууралуу жалган маалымат берсе, кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар болсо, өлкө коопсуздугуна коркунуч жасай турган иштерге барса жана террористтик, экстремисттик уюмдарга мүчө болсо “Мекен карт” макамы берилбейт.

“Мекен – карт” улуттук демилгеси иштей баштагандан бери 187 арыз кабыл алынып, анын ичинен 150 арыз канааттандырылган. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын жарандыгын алган кыргыз тектүүлөр.

“Мекен-карт” макамын алган жарандар Кыргызстанга эркин кирип-чыгат жана визадан бошотулат. Кийинки орунда Германиянын жарандары турат.

“Мекен-картка” документ кабыл алуу 2023-жылы мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет. (КЕ)

Дагы караңыз

Алайга көчүп келген памирлик кыргыздар кесиптик билим алыштыОш-Раззаков жолунда каттам жандандыЗеленский менен Трамп телефондон сүйлөштүСелден каза болгон 25 адамдын жакындарына 1 млн сомдон жардам берилет