Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:10

Селден каза болгон 25 адамдын жакындарына 1 млн сомдон жардам берилет


Ош шаарындагы селден кийин дайынсыз жоголгондорду издөө учуру.
Ош шаарындагы селден кийин дайынсыз жоголгондорду издөө учуру.

Кыргызстанда өлкө боюнча селден каза болгон 25 адамдын үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон жардам бөлүнөт.

Мындан сырткары табигый кырсыктан турак жайы бузулуп, кооптуу деп табылган жарандарга дагы 1 миллион сомдон берилет.

Бул тууралуу 19-июлда Ош шаарынын мэриясында селдин кесепеттерин тез арада жоюу маселеси каралган жыйында айтылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси, өкмөт башчынын орун басары Камчыбек Ташиев катышып, бир катар тапшырмалар берилген. Мындан сырткары үйү капиталдык оңдоону талап кылган тургундардын ар бирине 500 миң сомдон, Ош шаарынын борбордук базарында кырсыктан жапа чеккен соодагерлерге 100 миң сомдон бөлүү тапшырмасы берилген.

Табигый кырсык алып келген зыяндын ордун толтуруу үчүн жарандарга турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Ош облусу жана шаарында селден 800дөй үй зыян тартканын, борбордук базарда 800гө жакын контейнерди суу каптаганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда "Кабар" агентигине курган маегинде селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG