Украин саясатчысы Ирина Фарион кол салуудан кийин каза болду

Ирина Фарион.

Жогорку Раданын мурдагы депутаты, саясатчы Ирина Фарион кол салуудан кийин Украинанын Львов шаарындагы ооруканада каза болду.

Бул тууралуу жума күнү кечинде жергиликтүү бийлик кабарлады. Львов облусунун администрация башчысы Максим Козицкий дарыгерлердин аракетине карабай Ирина Фарионду сактап калууга мүмкүн болбогонун Телеграм-каналга жазып, жакындарына көңүл айтты.

Львовдун мэри Андрей Садовой да саясатчынын жакындарына көңүл айтып, “адам өлтүргүчтү табуу керек. Ага буюртма берген адам ким экени ачыкка чыгып, толук жоопкерчиликке тартылышы зарыл”, - деген.

Экс-депутатка кол салуу 19-июлда кечки саат сегиз чамасында Фарион жашаган үйдөн алыс эмес көчөдө болгон. Кылмышкер саясатчыны тапанча менен башка аткан. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Ал комада экени айтылган.

Кол салуу тууралуу маалыматты алгачкылардан болуп Львов шаардык кеңешинин депутаты Игорь Зинкевич жана журналист Марта Алиярник кабарлаган.

Львов полициясы окуяны ырастап, саясатчыныны атын атаган эмес. Маалыматка караганда, ок чыгарган адам из жашырып кеткен, учурда изделип жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кылмыштын бетин ачып, жагдайды ачыктоого Улуттук полиция жана Коопсуздук кызматтарынын зарыл болгон күчтөрү тартылганын белгиледи. “Зомбулуктун бардык түрүн айыптайбыз жана ага катыштыгы барлар толук жоопкерчиликке тартылышы керек”, - деген украин президенти.

Игорь Зинкевич күбөлөр Фарионго кол салган эркек мээлейчен болгонун айтып беришкенин кабарлады.

60 жаштагы филолог-тилчи Ирина Фарион 2012-2014-жылдары Жогорку Раданын депутаты, “Свабода” биримдигинин мүчөсү болгон.

Ал өзүнүн украин тилине байланыштуу көз карашы, позициясы менен белгилүү болчу. Орус тилин Украинада “оккупанттардын тили” катары тизмеге киргизүүнү талап кылып келген.

Орусия 2015-жылы Фарионго жылы Украинадагы орустарга каршы чакырыктардан улам “жек көрүүчүлүктү козутуу жана адамдык ар-намысты басмырлоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Украинада Фарионго карата 2023-жылы жарандардын улутуна жараша тең укуктуулугун бузуу, ар-намыс менен кадыр-баркты кемсинтүү жана кат алышуунун купуялуулугун бузуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Дагы караңыз

Арменияда учак кырсыгынан эки учкуч каза болдуБеларуста немис жаранына өлүм жазасы чегерилгени маалымдалдыЗеленский согушту сүйлөшүү жолу менен токтотсо болорун айтты Орусия америкалык журналист Гершковичти 16 жылга соттоду