Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:23

Зеленский согушту сүйлөшүү жолу менен токтотсо болорун айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Орусиянын Украинага каршы согушун эгер Батыш Москвага басым көрсөтө алса сүйлөшүү жолу менен токтотсо болот. Мындай пикирин украин президенти Владимир Зеленский Би-би-сиге курган маегинде айтты.

19-июлда жарыяланган интервьюсунда Зеленский “бардык аймактарды согушуп эмес”, “дипломатия каражаттарынын жардамы менен” кайтарып алса болорун айтты жана согуш талаасындагы кырдаал сүйлөшүүлөрдө Украинага күчтүүрөөк позиция бере аларын белгиледи.

"Эгерде биз ишти ырааттуу жүргүзсөк жана тынчтык саммитинин форматын кармансак, согуштун курч этабын токтото алабыз деп ойлойм. Муну быйылкы жылдын аягына чейин ишке ашырууга аракет кылсак болот", – деди украин президенти.

Зеленский АКШ президенттигине кимиси шайланса да, кызматташууга даяр экенин айтып, Дональд Трамп кайрадан мамлекет башчысы болсо аны менен иштешүү оңой болбой турганын айтты.

Трамп вице-президенттик кызматка Огайо штатынан сенатор Жей Ди Вэнсти сунуш кылган. 39 жаштагы Вэнс Украинага жардам берүүнү айыптаган америкалык саясатчылардын бири экени да белгилүү. Трамп бийликке келсе Вашингтондун Украинага жардамы азаят деген кооптонуу күчөөдө.

Зеленскийдин Би-би-сиге маеги анын Улуу Британияга сапары учурунда уюштурулду. Ал Европа саясий коомчулугунун саммитине конок катары катышты, бейшемби күнү падыша Чарльз III менен жана жаңы премьер-министр Кир Стармер менен жолукту.

Стармер Украинага канча жардам керек болсо, ошончолук колдоо көрсөтүлөрүн айтып, жыл сайын 4 миллиард долларлык каражат бөлүнүп турарып айткан.

Москва Зеленскийдин интервьюсу боюнча азырынча комментарий бере элек. Кремль сүйлөшүүлөрдөн эч качан баш тартпай турганын айтып, бирок Киевдин талаптарын «жаңы реалияларга ылайык келбейт» деп атап келет.

2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган, ал эми 2022-жылдын февралында баштаган согушунан бери айрым аймактарын ээлеп алды. (RK)

XS
SM
MD
LG