Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Орусия америкалык журналист Гершковичти 16 жылга соттоду


Эван Гершкович.
Эван Гершкович.

Орусияда «тыңчылыкка» айыпталып кармалган, бир жылдан ашуун убакыттан бери камакта отурган америкалык журналист Эван Гершкович күнөөлүү деп табылды, аны 16 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.

Екатеринбургда Свердлов облустук сотунда 26-июнда башталган процесс жабык өттү. Кечээ 18-июлда экинчи отурум болгон. Күбөлөрдү суроо, далилерди изилдөө бир күндө эле аяктаган.

Бүгүнкү отурумда тараптар жарыш сөзгө чыкты. Айыптоочу тарап аны күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 18 жылга камоо керектигин билдирди. Гершкович өзү коюлган айыпты четке какты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эмне себептен сот тездетилген тартипте өткөнү тууралуу суроого жооп бере албай турганын билдирди. Ал Гершковичтин иши кылдат маселе болгондуктан сот жабык өткөнүн айтты.

АКШнын Орусиядагы элчилиги 26-июндагы билдирүүсүндө орус бийлиги Гершковичке коюлган айыпка эч кандай далил келтире албаганын айтып, аны тез арада бошотууга, АКШ жарандарын саясий максатта колдонууну токтотууга чакырган.

АКШга мурдагы Советтер Союзунан көчүп барган иммигранттардын үй-бүлөсүндө туулган Гершкович "кансыз согуштан" бери Орусияда тыңчылыкка айыпталып жаткан алгачкы америкалык журналист.

The Wall Street Journal жана АКШ өкмөтү 32 жаштагы Гершкович расмий уруксат алып, өзүнүн кесиптик милдетин аткарып гана иштеп жүргөн кабарчы болгонун белгилеп, айыпты кескин түрдө четке кагып келишет. Айыбы жок экенин Гершкович өзү да айткан.

Кабарчы 2023-жылы март айында Екатеринбургда жумуш сапары учурунда кармалган. Ал Москванын "Лефортово" тергөө абагында кармалып келди.

Орусиянын Башкы прокуратурасы: "Тергөөчүлөр Wall Street Journal гезитинин кабарчысы америкалык Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) суроосу боюнча 2023-жылы март айында аскер техникасын өндүрүүчү жана оңдоочу "Уралвагонзавод" өндүрүш ишканасынын ишмердигине байланышкан купуя маалыматты чогултуп жүргөнүн аныктап, документалдуу түрдө тастыкташты", - деп билдирген.

Орусияда Гершковичтен тышкары дагы бир америкалык жаран, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп, четке кагууда.

АКШнын дагы бир жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, орус жарандыгы да бар Алсу Курмашева былтыртан бери Казан шаарында камакта кармалууда. Кошмо Штаттар жана радио ал журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жатканын белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG