Пакистан “ал-Каида” лидерлеринин бири кармалганын маалымдады

Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистан күч органдарынын аракети менен “ал-Каида” террордук уюмунун лидерлеринин бири Амин ул-Хак колго түшүрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу бүгүн 19-июлда Reuters кабарлады.

Аны кармоо боюнча атайын операция Пенжаб провинциясындагы маанилүү объектилерге өтө чоң диверсия пландалып жатканы тууралуу маалыматтын негизинде кылмыш иши козголгондон кийин ишке ашырылганы белгилүү болду.

Амин ул-Хак Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) террорчу деп жарыялагандардын тизмесине кирген Усама бен Ладендин тегерегиндеги жакын адамдардын бири болгону белгиленди.

Бен Ладен 2011-жылы жок кылынган. Ал 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркко жасалган 3 миңдей кишинин өмүрүн алган чабуул үчүн айыпталган. (RK)

Дагы караңыз

"УКМКга суракка барган". Тазабек Икрамовдун күтүүсүз чечимиТел-Авивдеги жарылууга жоопкерчиликти йемендик хуситтер алдыӨзбекстанда кримтөбөл атыккан Бахтияр Кудратуллаев 20 жылга соттолдуУкраина туткундагы кыргызстандык Алишер Турсуновду Орусияга өткөрүп берди