Украина туткундагы кыргызстандык Алишер Турсуновду Орусияга өткөрүп берди

Алишер Турсунов (Ютубдагы “Пленные СВО” деген каналга чыккан видеодон алынган сүрөт)

Украина туткундарды айырбаштоонун алкагында орус армиясынын катарында согушуп, туткунга түшкөн кыргызстандык Алишер Турсуновду Орусияга өткөрүп берди. Бул маалыматты "Украина – Центральная Азия” Телеграм-каналына туткундардын кайрылуулары боюнча иштеген "Жашагым келет" аталышындагы координациялык штабдагы булак тастыктаган.

Турсуновдун ысымы Орусиянын аскерлерин издөө жана үйүнө кайтаруу боюнча “Наш выход” коомдук кыймылы жарыялаган туткундан бошотулган аскерлердин тизмесинде да бар.

Май айында Ютубдагы “Пленные СВО” деген украиналык каналга жарыяланган видеодо өзүн Алишер Турсунов деп тааныштырган киши Орусияга балдарына барган учурда көчөдө аны полиция кармап, согушка мажбурлап алып кетишкенин айткан. Өзбек жана орус тилдеринде сүйлөгөн 57 жаштагы киши өзү Кыргызстандын жараны экенин, Ош шаарынан болорун белгилеген. “Азаттык” ал тасмадагы Турсуновдун туугандарын таап, баарлашкан. Анын жакындары Турсунов Орусияга иштеген балдарынан кабар алуу үчүн март айында барганын айтып беришкен.

Дагы караңыз "Туткундагы атамды көрүп нес болдук". Оштон Орусияга барып, Украинада табылган Алишер

Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борборазиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган учурлар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар кайтыш болгон бир нече жагдайды аныктаган. Украинада согушта набыт кеткендердин көбү орус түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар экени белгилүү болгон. Кыргызстандын канча жараны кан күйгөн согушка тартылганы жана канчасы каза болуп, туткунга түшкөнү тууралуу маалымат жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) менен жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Дагы караңыз

Оштогу селден кийин 63 балага, 24 кош бойлуу келинге медициналык жардам көрсөтүлдүБШК депутат Тазабек Икрамовду мандатынан ажыраттыПрезидент Жапаров административдик - аймактык реформа мыйзамына кол койдуДаккада студенттердин нааразылык акциясында ондогон киши каза болгону кабарланды