Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Президент Жапаров административдик - аймактык реформа мыйзамына кол койду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын сайтына 19-июлда жарыяланды.

Административдик-аймактык реформа жүргүзүүнү шарттаган мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алган.

“Алсак, бул мыйзам менен Кыргыз Республикасында ирилештирилген административдик-аймактык бирдиктерди түзүү жана алардын административдик чек араларын бекитүү каралган. Жалпысынан 235 бириккен айылдык аймактын жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги 33 шаардын администрациялык чек аралары бекитилет”, - деп жазылган маалыматта.

Жогорку Кеңеш 13-июнда административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алган. 20-июндагы жыйында долбоор суроо-талкуусу жок дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган.

Реформанын жыйынтыгында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарган. Анын алкагында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарган.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилген.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG