Оштогу селден кийин 63 балага, 24 кош бойлуу келинге медициналык жардам көрсөтүлдү

Ош шаарында 14-июлдагы селде жабыркаган 192 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Анын ичинде 63 бала, 24 кош бойлуу келин бар. Бул тууралуу 18-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери Төлөйкөн, Жапалак, Озгур, Кыргызстан, Бодур-Таш конуштарында Ак-Буура каналынын жээгинде, 13 эс алуу жайларында, “Керемет-Балакай” балдар бакчасында залалсыздандыруу иштерин жүргүзүштү.

Суу түтүктөрүнөн, ачык көлмөлөрдөн, баткактан үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөө жасалууда.

14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы ташкындап, борбордук базарды, бир катар конуштарды сел каптаган. Табият апаатынан 5 киши каза болду. (SE)

Дагы караңыз

БШК депутат Тазабек Икрамовду мандатынан ажыраттыПрезидент Жапаров административдик - аймактык реформа мыйзамына кол койдуДаккада студенттердин нааразылык акциясында ондогон киши каза болгону кабарланды