Ош: Селдин чыгымы эсептелүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош мэриясынын Жарандык коргонуу комиссиясы селден жабыркаган соодагерлердин чыгымдарын эсептөө иштерин баштады. Базар комиссия ишин аяктагандан кийин кайра иштей баштайт. Жабыркагандар компенсация жана камсыздандыруу маселеси чечилеби деп суроо салууда. Бийлик мамлекет жардам берерин билдирди.

14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы ташкындап, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.
Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.