УКМК Ташиевдин тууганы алдамчылыкка шек саналып кармалганын ырастады

Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганы расмий тастыкталды.

Атайын кызмат 17-июлда тараткан маалыматка караганда, ал түрк жараны менен сүйлөшүп, жергиликтүү ишкерлерден ири суммадагы акча алышкан. Каражаттан кол жууганын айткан ишкерлер УКМКга арыз жазышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү тең кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 11-августка чейин убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда ишкерлердин чыгымын өндүрүп берүү маселеси каралууда.

Шаршемби күнү айрым басылмалар Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганын жазган. Муну "Азаттыкка" атайын кызматтын жетекчисине жакын булактар тастыктаган.

Камчыбек Ташиев 2023-жылы мартта журналисттерге интервью бергенде "чоң кызматта иштегендердин жакындары мыйзам бузса, аёо болбой турганын" айткан. (SE)

Дагы караңыз

Украина менен Орусия 95тен туткун айырбаштады Газада бир күндө 60тан ашуун өмүр кыйылды ӨКМ: Адыгене көлүнүн ташып кетүү коркунучу жок