Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Украина менен Орусия 95тен туткун айырбаштады


Орусиядагы туткундан мекенине кайткан украиналыктар. 17-июль, 2024-жыл.
Орусиядагы туткундан мекенине кайткан украиналыктар. 17-июль, 2024-жыл.

Орусия менен Украина кезектеги жолу туткундарды айырбаштады. Анын алкаганда эки тараптан тең 95тен киши өз мекендерине кайтарылды. Бул тууралуу алгач Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Көп өтпөй маалыматты Украинанын президенти Владимир Зеленский да ырастады. Анын айтуусуна караганда, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын аскерлери жана чек арачылар үйлөрүнө кайтты. Ал бул үчүн Бириккен Араб Эмираттарына ыраазычылык билдирди.

"Канчалык оор болбосун, биз туткундагы ар бир адамды издейбиз. Баарын кайтарышыбыз керек", - деп жазды ал.

Ал эми орусиялык аскерлер Москвадагы медициналык мекемелерге дарылануу жана реабилитация үчүн жеткирилет. Орусиянын Коргоо министри да Бириккен Араб Эмираттары ортомчу болгонун бышыктады. Буга чейин, 25-июнда Украина менен Орусия "90го 90"формуласынын алкагында туткундарды айырбашташкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты орус аскерлери 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын февралына чейинки аралыкта эле туткундагы украин жоокерлеринин кеминде 32син өлтүргөнүн билдирген. БУУнун эксперттеринин сурамжылоосуна катышкан 44 орусиялык согуш туткуну Украинанын абагында кандайдыр бир ырайымсыз мамилеге кабылганы тууралуу айтышкан эмес, колго түшкөн учурда же абакка жеткирилип баратканда гана кыйноого кабылганын билдиришкен.

Украина орус аскерлеринин кылмыштары, анын ичинен туткундагы украиндерди өлтүргөнү тууралуу 50 миңден ашуун кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Орус тарап бул боюнча комментарий берген эмес.

Согуш туткунун өлтүрүү эл аралык укук тажрыйбасында согуш кылмышы катары бааланат.

XS
SM
MD
LG