Аба ырайы: дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-17-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

17-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 30…32° болот.

Дагы караңыз

Ооганстанда сел каптаган аймакта каза болгондор 40ка жеттиКытай Тажикстанда аскердик база куруп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү Прокуратура Ногойбаевага абактан жазылган катты текшерип жататЛатвия номуру Беларустуку болгон машинаны өлкөгө киргизбейт