Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Прокуратура Ногойбаевага абактан жазылган катты текшерип жатат


Асел Ногойбаева
Асел Ногойбаева

Прокуратура Азамат Эстебесовдун абакта отуруп, мурдагы аялы Асел Ногойбаевага телефондон коркуткан каттарды жөнөтүп жатканын текшерүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Буга чейин Ногойбаеванын адвокаты ушул маселеге байланыштуу Башкы көзөмөл органына арыз жазган.

Маалыматка караганда, келиндин телефонуна келген каттарга байланыштуу фактыны Атайын прокуратура текшерип жатат. Учурда соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Жаза аткаруу кызматы окуя тууралуу териштирүү жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Кыргызстанда жабык жайларда телефонго уруксат берилбейт.

Өткөн аптада Асел Ногойбаева зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов абактан уюлдук телефондон кат жазып жатканын билдирген. Анда ал Аселдин кайда жүргөнү тууралуу маалыматы бар экенин, “абактан качып чыкса болору, башка өлкөгө чыгып кетери” тууралуу да айткан.

Адвокат Индира Саутова №3 абакта жаткан Эстебесов телефон да чалганын, буга чейин да ушундай эле каттарды жазганын айтып, окуя боюнча Атайын прокуратурага арыз берген.

26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кескен. Ошондой эле аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG