Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Ооганстанда сел каптаган аймакта каза болгондор 40ка жетти


Панжшер провинциясы. 2024-жылдын 15-июлу.
Панжшер провинциясы. 2024-жылдын 15-июлу.

Ооганстанда ондогон кишинин өмүрүн кыйган нөшөр жаандын жана селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Кеминде 40 киши каза болгонун, 347 киши жараат алганын 16-июлда «Азаттыктын» ооган кызматы жазды.

«Талибан» башкарган ооган өкмөтүндөгү билим берүү мекемесинин өкүлү Шараф Заман көптөгөн үйлөр жана коомдук жайлар кыйраганын, жергиликтүү гуманитардык уюмдар жана дарыгерлер эл аралык уюмдар менен биргеликте куткаруу жана кырсыктын кесепетин жоюу, жабыркагандарга жардам берүү иштерин жүргүзүп жатышканын айтты.

Өлкө чыгышындагы Нангархар провинциясында 35 өмүр кыйылды, андан тышкары сел Кунар жана Панжшер провинцияларын да каптады, Кунарда беш киши каза тапты.

Нөшөр жаан менен кошо катуу шамал да болгону, телекоммуникация тармагынын иши айрым жерлерде үзгүлтүккө учураганы кабарланды.

Өлкөнүн Метеорология департаменти жалпысынан 12 провинцияда сел жүрүшү ыктымалдыгын эскерткен.

Соңку эки айда Ооганстанда селден каза болгондор 400дөн ашты, миңдеген киши үй-жайынан айрылды. (RK)

XS
SM
MD
LG