Грузия президенти “чет элдик агент” мыйзамы боюнча Конституциялык сотко кайрылды

Саломе Зурабишвили.

Грузияда президент Саломе Зурабишвили “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам өлкөнүн Башкы мыйзамынын бир нече, анын ичинде Европа Биримдиги менен НАТОго интеграция болууга карай умтулуу жөнүндөгү беренесине туура келбей турганын белгилеп, Конституциялык сотко кайрылды.

Президенттин парламенттеги катчысы Георгий Мсхиладзе 15-июлда өткөн атайын брифингде «чет элдик агент» деген атка конгон бул мыйзам грузин жарандарынын Конституция кепилдеген бир топ укуктарын да тебелеп жатканын белгилеп, ошондуктан мамлекет башчы «Конституциялык сот бул мыйзамды токтотуп, андан кийин толук четке кагуусу зарыл» деп эсептей турганын кошумчалады.

Ушундай эле мазмундагы доо арыздарын Конституциялык сотко парламенттеги ондогон депутат, анын арасында мурдагы президент Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынын өкүлдөрү, 150 чакты бейөкмөт уюм, бир нече борбордук жана аймактык телекомпания жана ошондой эле өлкөнүн омбудсмени да берип жатышканы маалымдалды.

Доо арыздардын баарында биринчи кезекте мыйзамды токтотуу, андан кийин ишти кароого киришүү өтүнүчү келтирилүүдө. Муну менен, алардын айтымында, быйыл 26-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо оппозицияга, бейөкмөт уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоо өнөктүгүн калыс шартта жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

«Свобода» радиосуна курган маегинде Грузиянын Конституциялык сотунун мурдагы төрагасы Автандил Деметрашвили аталган соттук мекеме доо арыздарды кабыл алуудан баш тартып коё аларын, мыйзамды токтото туруу чечимин кабыл алуу да оңой эместигин айтты.

Мыйзамды бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы сунуштап, натыйжада парламенттеги бийликчил күчтөрдүн көпчүлүгү басымдуулук кылып, аны ири нааразылык акцияларына карабастан кабыл алган.

ЕБ өлкөлөрү да, АКШ да грузин бийлигин мындай демилгеден баш тартууга үндөшкөн, бирок акыры мыйзам кабыл алынгандан кийин Еврошаркет грузин жарандарына берилген визасыз режимди токтотууну сунуштаган, ал эми АКШ бул өлкөдөгү “демократияны үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн жооптуу адамдарга” санкция жарыялаган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адамдар жүрүшкө чыкканда, ага аталган партия катышкан эмес.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги "Грузин кыялы" сунуштаган долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. (RK)

Дагы караңыз

"Эс алууга чыкканда агып кетти". Өмүрдү алган селЗеленский Украинага 25 Patriot керектигин айтып, экинчи саммит боюнча маалымат берди Селден улам жабылган Каракол - Эңилчек жолу бир тараптуу ачылдыАкыйкатчы атракциондорго байланыштуу токтомду өзгөртүүнү сунуштады