Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Зеленский Украинага 25 Patriot керектигин айтып, экинчи саммит боюнча маалымат берди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинага Орусиянын ракеталык чабуулдарынан коргонуу үчүн америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекстеринен кеминде 25и керек болуп жатканын өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Вашингтондогу НАТО саммитинин жыйынтыгы боюнча 15-июлда Киевде өткөн пресс-конференцияда ал Украина боюнча эл аралык экинчи саммитке даярдык көрүлүп жатканын да айтып берди.

Patriot системалары Украинанын абадан коргонуусу үчүн «өтө маанилүү» экенин белгилеген Зеленский F-16 истребителдери да көбүрөөк керектигин кошумчалады. Өткөн аптада НАТО саммитинде F-16 учактары Украинага жөнөтүлө баштаганы, жайында да уланары расмий айтылган.

"Украинаны толук коргой алыш үчүн биздин абадан коргонуу түзүмүбүзгө, аскерлерибиздин айтымында, 25 система керек", - деди Зеленский жана азыркы саны боюнча маалымат бере албай турганын кошумчалады.

Украин президенти кийинки тынчтык саммитинде энергетика, кемелердин эркин кыймылы жана туткундагыларды бошотуу маселеси болушу керектигин айтты. Бул жыйынга Орусиянын расмий өкүлдөрү катышуусу зарыл экенин билдирди.

Украинанын демилгеси менен уюштурулган биринчи тынчтык саммити 15-16-июнда Швейцарияда өткөн. Анда Орусиянын Украинага кол салуусу айыпталып, украин бийлигине жардам маселелери талкууланган. Бирок жыйынга Орусия чакырылбаганы сындалып, убакыттын жана күч-аракеттин текке кетиши катары да бааланган жана жыйынтыгында кабыл алынган документте Орусия тууралуу түздөн-түз айтылбаса да “тынчтыкка жетүү үчүн бардык тараптардын катышуусу жана диалогу керек” деп белгиленген. Расмий Киев согушту Орусия баштаганын, Украина анын агрессиясынан жабыркап жаткан тарап экенин белгилеп келет. Саммиттин уюштуруучулары «агрессор өлкө» чакырылбай турганын билдиришкен.

15-июлдагы пресс-конференцияда Зеленский "Мен Орусиянын өкүлдөрү экинчи саммитте болушу керек деп эсептейм" деди.

Саммит июлдун аягында же августтун башында Катарда өтөрү болжолдонууда. (RK)

XS
SM
MD
LG