Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Селден улам жабылган Каракол - Эңилчек жолу бир тараптуу ачылды


ӨКМ тараткан сүрөт. 2024
ӨКМ тараткан сүрөт. 2024

16-июлда түшкө жакын Ысык-Көл облусуна караштуу Эңилчек (Ак-Суу району) айылында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен сел суулары 10 турак үйдүн короосун каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адистердин ыкчам тобу жергиликтүү тургандар менен бирге суунун нугун бурганын кабарлады.

15-июлда Каракол - Эңилчек унаа жолунун 75-76-77-чакырым аралыктарына таш көчкү түшкөнү маалымдалган. Жол шейшембиде бир тараптуу ачылды. Тазалоо иштери уланууда.

Кыргызгидромет борбору чукул кабар таратып, ушул күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип келатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл 230дан ашык сел болуп, андан 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды. Алардын теңинен көбү балдар. (КE)

XS
SM
MD
LG