Москвада эки кыргызстандык зордуктоого шек саналып кармалды

Москвада кыргызстандык эки жигит зордуктоого шек саналып кармалды. Шаардык Тергөө комитетинин 11-июлдагы маалыматына караганда, алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин "Топтошуп алып зордуктоо" беренеси менен иш козголгон. Зордуктоо фактысы 9-июлда болгон.

Полициянын баштапкы баяндамасында шектүүлөр ал күнү мас болгону, батирдеги чала тааныш кыздарды зордуктаганы айтылат. Шектүүлөрдүн бири зордуктоо учурун телефондун видеокамерасына тартканы белгиленген. Ошондой эле алар Орусиянын аймагында миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча бул окуя тууралуу комментарий тарата элек.

Быйыл январда мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Орусиянын түрмөлөрүндө 1167 кыргызстандык отурганын билдирген. Алардын миңге жакыны Кыргызстандагы түрмөлөргө которулуудан баш тартканын кошумчалаган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин быйыл май айындагы эсебинде, Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 411 миң экени айтылган. Ага чейинки маалыматтарда миллион кишинин тегерегинде экени айтылган.

Дагы караңыз

Зеленский Украинага 25 Patriot керектигин айтып, экинчи саммит боюнча маалымат берди Селден улам жабылган Каракол - Эңилчек жолу бир тараптуу ачылдыАкыйкатчы атракциондорго байланыштуу токтомду өзгөртүүнү сунуштады