Акыйкатчы атракциондорго байланыштуу токтомду өзгөртүүнү сунуштады

Жамиля Жаманбаева.

Чуңкурчактагы эс алуу жайында адам өмүрү кыйылган окуяга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жарандардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырып, Министрлер кабинетине кат жолдоду.

Омбудсмендин кеңсеси 16-июлда билдиргендей, Жаманбаева Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №171 токтому менен бекитилген "Аттракциондорду коопсуз иштетүү" эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү өтүндү.

Акыйкатчы тиешелүү ченемдик укуктук актыларды изилдеп, коопсуз шарттарды камсыз кылуу менен “банжи-жампингди” аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары тизмеге киргизүүнү сунуштайт.

6-июлда Чүйдүн Аламүдүн районундагы Fly Jump комлексинде экстремалдык эс алуу менен алектенип жаткан 39 жаштагы жаран каза болгон. Ал аскадан секиргенде белине байланган аркан үзүлүп кеткен. 25 метр бийиктен кулаган адамга медициналык жардам көрсөтүүдөн майнап чыккан жок. (SE)

Дагы караңыз

Аз камсыз болгон 146 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат берилдиЖалал-Абаддагы жарылууга байланыштуу үч киши кармалдыТрампка кол салуу президенттик шайлоого кандай таасир этет?