Латвия номуру Беларустуку болгон машинаны өлкөгө киргизбейт

Латвия 16-июлдан тартып номуру Беларустуку болгон автомашиналардын өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салат. Мындай чара Европа Биримдигинин санкцияларына ылайык көрүлүп жатканын Латвиянын Салык кызматы билдирди.

Чектөөнүн элчилик жана консулдук кызматкерлеринин, делегация мүчөлөрүнүн машиналарына тиешеси болбойт.

Беларуста катталган автомашина айдагандар чек арадан өлкө аймагына киргизилбейт. Эгер айдоочу же машинанын ээси чек ара тилкесинен кетпей турган болсо бийлик транспорт каражатын конфискация кылууга укуктуу болот.

Delfi басылмасы жазгандай, Латвиянын Юстиция министрлигинде азыркы тапта беларус номурлуу машиналардын өлкө ичинде жүрүүсүнө да, транзит катары кирүүсүнө да тыюу сала турган мыйзам долбоору даярдалууда. Машина ээлери номурун Латвиянын атына каттатышы керек болот, эгер баш ийбесе автоунаасы тартылып алынат жана Украинага өткөрүлүп берилет.

Латвияда номуру орусиялык машиналарга тыюу салынган.

Жакында беларус автомашиналары боюнча чектөө Польшада да кирген.

Евробиримдик Орусияга Украинага каршы согуш ачканы үчүн бир топ санкция киргизген. (RK)

Дагы караңыз

Казакстанда мурдагы акимдин агасы үй-бүлөлүк чырдан улам камакка алындыСогушка каршы пикирин билдирген казак активисти полицияга чакыртылды"Селдин алдын алган чараларды күчөтүү зарыл". Оштогу апааттан сабак алынабы? "Климаттык өзгөрүү боюнча мамлекеттик саясат керек"