Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Казакстанда мурдагы акимдин агасы үй-бүлөлүк чырдан улам камакка алынды


Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.
Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.

Казакстанда мурдагы аткаминердин бир тууганы, үй-бүлөлүк чыры Интернетке жарыяланып кеткен Марат Айтенов аттуу жаран соттун чечими менен беш күнгө камакка алынганын бүгүн 15-июлда «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Шымкент шаарынын мурдагы акими Мурат Айтеновдун агасынын бөгөт чарасы борбор калаа Астанада өткөн сот отурумунда каралды. Анда Марат Айтенов үй-бүлөлүк чыр учурунда мурдагы жубайын кемсинтип, ар-намысына шек келтиргени, башкалардын тынчын бузганы айтылды, өзү мындай айыптоону четке какты.

«Ал мурдагы аялы балдарды берүү өтүнүчүнө макул болбой, аларды колунан кармап, коё бербей койгонун, балдарды алып кетүү үчүн жерде отурган аялды бутунан тарта баштаганын айтып түшүндүрдү. Уят сөз айтпаганын, аны урбаганын белгиледи. Жабыркаганына даттанган аял күйөөсү аны үйдөн чыгаруу учурунда кол салып, денесине залал келтиргенин айтып берди», — деп билдирди соттун басма сөз кызматы.

Полиция Марат Айтеновго Кылмыш-жаза кодексинин «Үй-бүлө жана тиричилик мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттер» беренесинин негизинде айып тагып, териштирүү жүргүзүп, ишти сотко өткөрүп берди.

Мурдагы аялы Дана Атешова социалдык түйүндөргө окуянын видеосун жарыялап, Марат Айтенов аны балдары менен үйдөн күчтөп чыгарганын билдирген. Ал өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жолдоп, жардам сураган.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматка караганда, Марат Айтенов 2021–2022-жылдары «Самрук-Казына» фондунда коомчулук жана өкмөт менен байланышка, укук маселелерине жооптуу кызматтарды ээлеген. 2011–2016-жылдары Казакстандын Өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын мүчөсү жана «Астана» эл аралык каржы фондунда администрациянын башкармалык төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Анын иниси Мурат Айтенов көп жылдар бою Казакстан президентинин иш башкармалыгында кызмат кылган, 2020–2023-жылдары Шымкент шаарынын акими болгон.

Дана Атешова күйөөсү менен ажырашып кеткенин, Айтенов чогуу жашаган үйдөн аны балдары менен кошо күчтөп чыгарууга аракет кылганын билдирген. Мурдагы күйөөсүнүн мыйзамдуу милдеттерин аткарбай коюшуна бийликтеги байланыштары жардам берип жатканын айтып берген. Анын билдиришинче, мурдагы күйөөсүн алимент төлөтүү жана мүлк бөлүштүрүү аракетин бир нече жылдан бери көрүп келе жатат.

Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон Салтанат Нукенованын окуясы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Нукенованын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG