Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Согушка каршы пикирин билдирген казак активисти полицияга чакыртылды


Казакстан. Полиция кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстан. Полиция кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда рэп-фристайлга катышкан активист кыз полицияга чакырылганын бүгүн 15-июлда «Азаттыктын» казак кызматы активист Темирлан Енсебектин айткандарына таянып жазды.

Ал алматылык активист Мария Кочневаны фестивалда «Йоу, орыстар» деп ырдаганы тартылган видеосу Интернетке тарагандан кийин шаардын Алмалы райондук полициясына чакырышканын айтып берген.

«Биз Маша экөөбүз Шулама рэп-баттлында ырдайлы деп перформанс ойлоп тапканбыз. Себеби согуш жүрүп жатканын, биз бул согушка каршы экенибизди дагы бир жолу эскерткибиз келди. Бул ыр Украинадагы согуш башталгандан бери трендге айланган», — деди Темирлан Енсебек.

Казакстандын «Шулама» тасмасынын премьерасынын баракчасына жарыяланган видеону жарым миллионго жакын киши көрүп, миңдеген комментарий топтогон. Активисттин айтымында, бир да негативдүү комментарий жазылган эмес.

Кийин, анын белгилешинче, видеону «Z-пабликтер» жарыялап, активистти полицияга чакырышты.

Мария Кочнева «Азаттыкка» айтып бергендей, ага тергөөчү чалып, полицияга келип кетүүгө чакырган, видео коомдук резонанс жаратып жатканын билдирген. Активист видео тарагандан бери анын жакындарына коркутуп-үркүтүү башталганын кошумчалады.

Жарандык активист Кочнева — аялдар укугун коргоо менен алектенүүчу Qushtar кыймылынын мүчөсү. Ал бир нече жолу тынч акцияларга катышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG