Париж олимпиадасынын ачылышында Кыргызстандын желегин Эрлан Шеров көтөрөт

Эрлан Шеров. Архивдеги сүрөт.

Париждеги Жайкы олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов "Азаттыкка" билдирди.

Олимпиадага Кыргызстандан 16 спортчу аттанууда. Алардын ону балбандар (күрөш боюнча), экөө дзюдочу, дагы экөө суучул, бири жеңил атлетчи жана бири мушкер (боксчу). Алгачкы топ Парижге 22-23-июлдарда учуп кетишет. Башкалар жадыбалга жараша барат.

XXXIII Жайкы олимпиаданын ачылышы Франциянын баш калаасында 24-июлда болот. Эл аралык таймаштар 11-августка чейин уланат.

Эл аралык оилмпиада комитетинин маалыматына ылайык, мелдештерге 206 мамлекеттен 10500 спортчу катышып, 329 комплект медал ойнотулат. (SE)

Дагы караңыз

Аз камсыз болгон 146 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат берилдиБайден жана Трамп америкалыктарды улуттук биримдикке үндөштүБУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстан демилгелеген резолюцияны кабыл алды