Оштогу селдин кесепети (сүрөт баян)

Селге аккандарды издөө учуру  

Селге аккан унаасынын жанында турган киши. Ош шаары.  

Оштогу борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланып жатат.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып,жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды сууп каптап, көпчүлүк соодагерлердин товарлары сууга аккан. 

Сел сууга толгон Ак-Буура. 

Оштогу борбордук базар селден кийин. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-июлдагы маалыматына караганда, жекшембидеги селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы үч айыл аймакта, Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП) зыян тарткан.

Ош шаары боюнча, болжол менен 146 турак үй, 5 эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркады. Маалыматка караганда, борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Ош шаардык мэриясы маалыматтар дагы такталып жатканын кошумчалады.

Жолдорду жана соода түйүндөрүн сел менен кошо агып келген ылайдан, таштандылардан тазалоо иштерине 300гө жакын муниципалдык, коммуналдык ишканалардын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тартылган.

Ош шаары. 

Катуу сел беш кишини агызып кетип, төртөөнүн сөөгү табылды. Бир аял изделип жатат. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары. Баарынын тең сөөгү табылды.

Сел каптаган базардын абалы. 

Ош шаарынын борбордук базарында 842 контейнер болсо, анын ичинен 785 контейнерди суу каптаганын мэриядан кабарлашты. 

Ош шаарындагы сел каптаган базар. 

Ош шаары. 

Чыгымга учураган соодагерлер. 

ӨКМдин кызматкерлери, жоокерлер сел каптаган үйлөрдү тазалап жатат. 

 

 

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, сууга аккан беш киши Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткен.

Ош шаарынын Катта-Терек участкасындагы Ак-Буура дарыясынан сел агызып кеткендерди издеп жаткан ӨКМ кызматкери. 

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан  20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды жана алардын ондон ашууну балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Буга чейинки болгон селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.

The situation after the flood in Osh - July 15, 2024

 14-июль, 2024-жыл