Ош: 800дөй турак жайды суу каптады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. 15-июль, 2024. Ош.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-июлдагы маалыматына караганда, жекшембидеги селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы 3 айыл аймакта, Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП) зыян тарткан.

Ош шаары боюнча, болжол менен 146 турак үй, 5 эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркады. Маалыматка караганда, борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Ош шаардык мэриясы маалыматтар дагы такталып жатканын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланып жатканын кабарлады.

14-июлда түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир нече машине сууга агып кетти. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Шаарда өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүүдө.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Буга чейинки расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Олжобай Шакирдин иши: облустук сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды Селден улам Жалал-Абад - Казарман, Ноокат - Араван, Мырзаке - Кара-Шоро жолдору убактылуу жабык туратИзраил ХАМАСтын лидерлеринин бири өлтүрүлгөнүн билдирдиОш шаарында селдин кесепетин жоюу иштери уланууда