Олжобай Шакирдин иши: облустук сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды

Олжобай Шакир.

Чүй облустук соту 15-июлда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирге карата Аламүдун райондук сотунун аны беш жылга эркинен ажыраткан чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Отурумдан кийин жазуучу адилетсиз чечим болгонун айтып, "бул жерде адилетсиздик өзү эле көрүнүп турат" деди.

Бүгүнкү соттун жүрүшүндө жактоочу Акмат Алагушев жараянды видео-фотого тартууга уруксат сурады. Судьялар курамы аны канааттандырган жок.

Олжобай Шакир сотто күнөөсүн моюна албай турганын кайталады.

Айыпталуучу суралып бүтүп, кылмыш иши райондук сотто изилденгендиктен тараптардын уруксаты менен жарыш сөзгө өтүштү. Олжобай Шакир билдирүүлөрүндө эмоция болгонун, бирок агрессия жок экенин айтып, 11 ай абакта жатканы жаза катары жетиштүү болгонун айтты.

Ал "эгемендүү Кыргызстандын тарыхында акындын абакка кесилгени, кара так болуп калбасын", - деди.

Олжобай Шакир анын айыбы онлайн митингдерди видео кайрылууларымды жакшы түшүндүрө албай калганын, анын максаты өлкөдө массалык башаламандыкка чакыруу эмес экенин кайталады. Ал тынч жол менен элдин пикирин бийликке жеткирүү саясий маданиятын калыптандырууга аракет кылганын билдирди. Ал айрым билдирүүлөрүндө, эмоцияга алдырып жиберген учурлар бар экенин, бирок массалык башаламандыкка чакырбаганын айтты.

Жактоочу Акмат Алагушев видео кайрылууларында кылмыштын курамы жок экенин, анын билдирүүлөрүнүн кесепети болбогонун айтып, Олжобай Шакирди актоону өтүндү.

Прокурорлор айыпталуучу күнөөсү далилденгенин айтып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну суранды.

Буга чейин 8-июлга белгиленген соттук отурум Олжобай Шакирдин ишин карай турган соттук коллегиянын бир мүчөсү жакында эле пара алууга шек саналып кармалгандыктан, бул иш башка судьяга өтүп, соттук жараян жылып калган болчу.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал коюлган айыпты четке каккан. Прокурор аны жети жылга абакка кесүүнү соттон сураган.

Адвокаттары көз карандысыз экспертизанын бүтүмүнө көңүл бурууга чакырып, политологиялык экспертиза шашылыш чыгарылганын билдиришкен.

Олжобай Шакир деген ат менен таанылган Олжобай Эгембердиев 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген. (TSh)

Дагы караңыз

Селден улам Жалал-Абад - Казарман, Ноокат - Араван, Мырзаке - Кара-Шоро жолдору убактылуу жабык туратИзраил ХАМАСтын лидерлеринин бири өлтүрүлгөнүн билдирдиОш шаарында селдин кесепетин жоюу иштери улануудаОшто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү Өзбекстандан табылды